Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Жогорку сот алдында тирешүү болду


БИШКЕК. 1-июнда Жогорку соттун алдында парламенттик шайлоонун айрым округдардагы жыйынтыктарына нааразы болгон пикетчилер менен өздөрүн элдик кошуунданбыз деп келген адамдардын ортосунда кагылышуу болду. Саат 11.30га жакын Жогорку соттун алдына 17 кичи автобустар менен 500гө жакын адам келип, Жогорку соттун алдында 22-апрелден тарта парламенттик шайлоонун Токтогул, Кызылтуу, Чүй, Асанбай округдарындагы шайлоонун акыйкат чечимин талап кылып турган пикетчилерге каршы чабуул коюшту.

Эки тараптын ортосунда кагылышуу болуп, бири-бирине таштар менен атышып, алардын ичинде жаракат алгандар да болду. Пикетчи Зарина Зулпуева окуя тууралуу мындай деди:

- Менин башыма, колдорума таш тийип, мына башым канап жүрөт. Өкмөт эмне кылып жатат? Биз болгону соттун акыйкат чечимин гана талап кылганбыз.

Президенттин алдындагы укук коргоо комитетинин төрагасы Турсунбек Акун бул окуяны айрым саясатчылар тарабынан жасалып жаткан чагымчылык катары мүнөздөдү:

- Мындай иш-чаара атайын уюштурулуп жатат. Бишкектин ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Субаналиевге буга чейин эскерткенмин, мындай иштерге барбагыла деп. Бул милиция менен биригип жасалган провокация. Муну өкмөткө эптеп кирип алып, бирок Бакиевге каршы иштеп жаткандар жасап жатат. Мындай провокациялардын максаты: азыркы бийликти жаман көрсөтүү.

Пикетте отургандардын айтымында, имаратты алууга жалданып келген жумушсуздар катышты. Жогорку соттун имаратын Улутук гвардиянын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коргоп турушат.

Жогорку сотто түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн комиссия өз ишин улантууда. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комитетинен билдиришкендей, Жогорку соттун алдында болгон окуя боюнча тергөө иши жургүзүлөт.

Кечки саат бешке жакын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон пикетчилер кайрадан Жогорку соттун алдында нааразылык чараcын улантышты. Алар эми нааразылык акцияны имараттын ичинде эмес, сыртында уланта турган болушту.

XS
SM
MD
LG