Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

ЖОГОРКУ СОТТУН ИМАРАТЫ КАНТИП БОШОТУЛДУ?


22-апрелден бери парламенттик шайлоого нааразы шайлоочулар тобу ээлеп турган Жогорку соттун имараты 1-июнда бошотулду. Бул окуяга өздөрүн элдин өкүлдөрүбүз деп атаган жоон топ адамдардын имаратка келиши негиз болду. Окуя тараптардын кагылышуулары менен аяктады. Учурда имаратты Улуттук гвардиянын аскерлери жана Бишкек ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кайтарууга алып турушат.

Байкоочулар имаратты бошотуу максаты менен келгендердин саны 500-700 дүн айланасында деп болжошту. Жогорку сотту бошотуу аракеттери саат он бир чамалаш башталып, бул максатта имаратка үч ирет чабуул жасалды. Элдин атынан келдик дегендердин бири максатын минтип түшүндүрдү:

- Биздин келген себебибиз - мамлекеттик сот өз алдынча иштесин. 30 киши имараттын ичинде жатса кантип иштейт анан?.

Тараптардын сүрмө топ аракеттери бири-бирин таш бараңга алууга, бөтөлкөлөрдөгү бензиндерди чачуу, мушташуу өңдүү кагылышууларга чейин жетти. Натыйжада имараттын кире беришиндеги эшик-терезелердин айнектери талкаланып, айрым адамдар жараат алышты. Имараттын жанында токтоп турган бир нече автоунаа да таш бараңга алынды.

Жогорку соттун имаратынан күч менен чыгарылган нааразы шайлоочулар кийинчерээк Өкмөт үйүнүн алдына барышты. Алардын оюнда бүгүнкү окуяны айрым саясатчылар атайылап уюштурду. Мындай пикирин №21 Токтогул шайлоо округунан экс-талапкер Токтосун Мадияровдун шайлоочусу билдирди:

- Эки күндөн бери тиги балдар биерде турган, дубинкаларын алып, ары-бери көтөрүп, реклама кылып өтүп аткан да. Силерди ушинтип эле чаап, кетирип коебуз деп. Жалаң спортсмен балдар чогултулган да. Көрдүңөр го, аялдарды сүйрөп эле чыгарып койду.

Ал эми тополоңдо колун жабыркатып алгандардын бири, Сузак шайлоо округунан келген Юсуф Абдуллаев мындай деди:

- Булардын башкы планы талаштуу округдардын маселесин карап жаткан комиссиянын чечимин чыгартпоо болчу. Чыкса айрым депутаттар депутаттыктан кетиш керек эле ошо чечимдин негизинде. Ошону чыгарбайлы дешти, Осмоновдун адамдары.

Бирок тополоң атайылап уюштурулду деген экинчи тараптын дооматын имаратты бошоткондор жалган жалаа деп жатышат. Алардын бири Чүйдүн батыш аймагындагы Күрпүлдөк айылынан келген жаран болду:

- Биз атайы жасаган жокпуз. Жүз сомго сатылып келгенсиңер деп атышат. Андай эмес. Айланайын апалар тынчтыкта жашайлы, үйлөрүңөргө тарагыла деп келатсам эле мына менин көйнөгүмдү айрып жиберишти.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов бул окуяга эч кандай тиешеси жоктугун билдирди:

- Эч кандай тиешем жок. Ал тараптан да, бул тараптан да мен эч нерсе уюштурганым жок, кесе айтып коеюн.

Имарат алдындагы окуяны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Эркин Кангелдиев баш аламандык катары баалады. Ушул эле күнү «Кылым шамы» бейөкмөт уюму маалымат таратып, анда тартип коргоо кызматтары тараптарды тынчытуу аракетин жасаган жок деп билдирди.

Болжолдуу маалыматтарда тополоң учурунда жабыркаган 6дан 10го чейинки адам ооруканага жаткырылганы кабарланууда. Бирок Жогорку соттон чыгарылгандардын өздөрү алардын катарындагы 150 чамалаш кишинин 20га жакыны ар кандай жарат алганын айтып жатышат.

Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Жогорку сот имаратынын алдындагы окуяны жашыруун күчтөрдүн ар кандай тараптарга жамынып жасаган чагымы катары баалады. Анын айтымында, бул ишти учурда Башкы прокурордун орун басары баштаган топ териштирип жатат. Ал эми талаштуу округдарды териштирип жаткан комиссия ишинин жыйынтыгын бир-эки күн аралыгында чыгарышы күтүлүүдө.

Кечки саат бешке жакын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон пикетчилер кайрадан Жогорку соттун алдында нааразылык чарасын улантышты. Алар эми нааразылык акцияны имараттын ичинде эмес, сыртында уланта турган болушту.

Сүрөттө: Жогорку соттун алдына кайра келген нааразы тараптын өкүлдөрү наараазылык акциясын ушинтип имараттын сыртында улантышууда.

Сүрөттү тарткан: Султан Каназаров
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG