Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Багдаддын эл аралык аэропортунун жанындагы жолдо бомба жарылды


Текшерүү пунктунда болгон жарылуудан аэропорттун бир нече кызматкери жаракат алды. Полиция жан кечти кезекте турган машиналардын биринде отурган болушу ыктымал деп маалымдады. Анын аралыгында бүгүн Иракка босниялык контингент жөнөп кетти. 36 кишилик көп улуттуу миссия Фаллужа шаарынын жанындагы америкалык базада кызмат өтөйт. Контингенттин курамына хорваттар, мусулмандар жана сербдер кирет.

Оппозиция жана укук коргоочулар эларалык күчтөр Босниядагы бейпилдик миссиясын улантып жаткан кезде, өлкөнүн аскерлерин чет жака жиберүү туура эмес деп, өкмөттүн чечимин сынга алды.

Эл аралык кечки кабарларды Прагадан Айнура Жекше кызы даярдады

XS
SM
MD
LG