Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

ОРУСИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮГӨ КАЗАКСТАН ДАЯР ЭМЕС


Нарын АЙЫП, Прага 30-31-май күнү Украина президенти Виктор Ющенко Казакстанга келип кетти. Негизги сүйлөшүүлөр казак мунайын Украинага сатуу же аны Украинанын аймагы аркылуу Европага жеткирүү маселесине арналганы менен, сапар учурунда эки өлкө ортосунда маалымат тармагында кызматташуу жана жашыруун маалыматты биргелешип сактоо боюнча гана эки келишимге кол коюлду.

Украинанын жаңы жетекчилиги акыркы айларда бир топ терең экономикалык кризиске батты. Март айында Түркмөнстандан экспорттолгон табигый газ боюнча маселе чыгып, президент Виктор Ющенко шашылыш түрдө Ашгабадка келип кетүүгө аргасыз болгон. Бирок президент Сапармурад Ниязов менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктап, Украина бир миң куб метр түркмөн газы үчүн мурдагыдай 44 доллар эмес, 58 доллар төлөй баштады. Май айынын башында болсо Украинадагы күйүүчү майдын баасы эбегейсиз өстү жана анын себебин өлкө саясатчылары Маскөөдөн көрөт, анткени Украина керектеген мунайдын 90 пайызы Орусиядан келет.

Ошондуктан 30-май күнү Ющенко менен казак президенти Нурсултан Назарбаев ортосунда Астана шаарында мурда белгиленген 30 мүнөттүн ордуна эки сааттан ашык убакытка уланган сүйлөшүү негизинен мунай экспортуна арналды жана ал тууралуу эки президент журналисттерге өздөрү да айтты, бирок сүйлөшүүнүн натыйжасы катары эч кандай келишимге кол коюлган жок.

Ющенконун айтымында, казак мунайын эл аралык базарга Украинанын аймагы аркылуу экспорттосо болот жана ал үчүн жаткырыла турган куурлардын курулушуна Казакстан азыртан катышууга тийиш. 2001-жылы Украина Одесса портунан Польшанын чек арасындагы Броды деген шаарга чейин мунай куурун жаткырган, бирок ал азырынча дээрлик пайдасыз жатат, анткени Орусиянын же Каспий деңизиндеги өлкөлөрдүн биринин мунайын пайдалануу маселеси чечиле элек.

Ал куурду Польшанын Гданьск портуна чейин узартса, казак мунайын Балтик деңизине жеткирсе болот жана ага Казакстан кызыкдар экенин 30-май күнү Назарбаев дагы айтты:

- Казакстан бул куурдун Польша аймагы аркылуу Гданьск портуна чейин жеткирилип, Балтик деңизине чыгышына кызыкдар. Бул долбоордун акцияларын сатып алып, аны ишке ашырууга Казакстан даяр экенин биз айттык.

Анткен менен, казак президентинин пикиринде, андай иштерге Маскөө дагы катышууга тийиш жана долбоор Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү келишиминин алкагында ишке ашырылыш керек.

Маскөө менен Киев ортосунда болсо андай бирдиктүү аймак түзүү боюнча акыркы мезгилде бир топ пикир келишпестиктер бар. Маскөөнүн айтымында, андай бирдиктүү аймакты башкаруу үчүн өкмөттөрдөн өйдө турган өзүнчө башкаруу түзүлүштөрү болууга тийиш, президент Ющенко ага каршы жана Бирдиктүү экономикалык аймактын ордуна азырынча жөн гана Эркин экономикалык аймак түзүүнү сунуштайт, ага болсо Маскөө каршы. Кремилдин айтымында, Украина аркылуу чек арадан эркин өткөн сооданы көзөмөлдөө кыйын болот.

Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү боюнча Беларус, Казакстан жана Орусия менен Украинанын мурдагы жетекчилиги макулдашкан жана акыркы келишимдерге үстүбүздөгү жылы кол коюлууга тийиш. Ющенконун алдында Астанага Беларус президенти Александр Лукашенка келип кеткенде Назарбаев ага - Украина макул болбосо, андай бирдиктүү аймакты калган үч мамлекет деле түзө алат деп кескин айткан.

Украиналык куурларга Казакстан орусиялык Новороссийск порту аркылуу гана жете алат, ошондуктан, Маскөөнүн макулдугусуз Киев менен мунай келишимдерин түзүү Астана үчүн бир топ опурталдуу. Андан тышкары Казакстан үчүн жакында Бакы-Тбилиси-Жейхан кууру да ачылды.
XS
SM
MD
LG