Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: “КОРРУПЦИЯНЫН, ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫН КҮЧӨШҮ ЫҢКЫЛАПКА АЛЫП КЕЛДИ”


Кыргыз эл жазуучусу, Кыргызстандын Белгиядагы элчиси Чыңгыз Айтматовго кабарчыбыз Алматы шаарында жолугуп, өзүнүн ден-соолугу, Кыргызстандагы элдик ыңкылап учурунда эмне үчүн ошол тарыхый окуяга үн кошо албай калгандыгы жана рухий дүйнөнүн келечеги тууралуу суроо салган.

- Чыңгыз Төрөкулович, тагдыр буйруп сизге Алматы шаарында жолугушуп олтурабыз. Сиз Кыргызстандан соңку жолу кеткенге да кыйла болду. Ооруп-сыркап, анан дарыланып-нетип жүрүп, Брюсcелге кетпедиңиз беле. Оболу кыргыз элиңиз, “Азаттык” радиосунун угармандары тынчсызданган ошол ден-соолугуңузду сурайын, демдүү-күчтүүсүзбү?

- Ырахмат көңүл бурганыңарга. Албетте, ден-соолук деген – адам баласынын биринчи кезектеги байлыгы. Дарыланып-нетип, азыр эми иштеп атам. Мындай болуп кеттим деп мактана деле албайм, антсе да Кудайга шүгүр дегеним оң го.

- Сиз кызмат-ишиңизге байланыштуу кеткенден бери Кыргызстанда чоң тарыхый окуялар болуп кетти – элдик ыңкылап ишке ашты. Ошол сиздин саламаттыгыңызга тынчсызданган кыргыз эли кыйын учурларда - тобокелге башын байлаган ыңкылаптын алдында дагы, ыңкылап ишке ашырылган толкундануу мезгилинде дагы сиздин кеп-кеңешиңизди, алыстан болсо да үн кошууңузду аябай эле күттү. Бирок сиз тараптан андай сөз чейин сөз чыккан жок. Эмне үчүн андай жагдай болуп калды, “Азаттыктын” мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, элге-журтка айтып өтсөңүз?

- Мындай революция болорун эч ким билген эмес. Силер деле билген эмессиңер. Мен сыртта – Европада, тактап айтсак, Брюсселде өз кызматымды аткарып жүргөм. Анан карасак эле жанагындай болуп, көз ачып-жумгандын ортосунда оодарылыш – революия болуп кетти. Ал жөнүндө бир топ интервью бердим телевидениелерге.

- Чыңгыз Төрөкулович, “Азаттык” радиосунун угармандары азыр деле болсо, ушул элдик ыңкылап жаатындагы сиздин бааңызды, пикириңизди уккусу келет?

- Пикирим ушул – бул иш аябай бышып-жеткен нерсе болуп калды. Элдин нааразылыгы, жумушсуздугу, кедейчилиги күчөгөндөн күчөп, жанагындай коррупция деген балакет жүдөтүп бүттү да. Ошондон от алды.

- Сиздин “Фудзиямадагы кадыр түн” чыгармаңызда “Канткенде адам уулу адам болот?” деген суроо бар эмеспи. Анын сыңарындай, рынок деген желмаяндын шартында канткенде рухий дүйнөнүн келечеги болот?

- Руханий дүнүйө үчүн күрөшүш керек. Руханий дүнүйөгө тимеле жанды бериш керек! Ошондо, рынокпу-башкасыбы, ага карабай туруп, жыйынтык болот.

- Чыңгыз Төрөкулович, мына сиз экөөбүз Казакстан жазуучулар союзунун 70 жылдык мааракесинде жолугушуп атабыз. Мурдагы СССР курамындагы өлкөлөрдүн көпчүлүгүнөн делегация чакырган мындай ири мааракени – түрдүү улуттардын калемгерлеринин башын кошкон өзүнчө эле бир адабий форумду Орусия да өткөрө алган жок эле. Казакстан өткөрүп атат. Муну шарттаган нерсе кайсы?

- Бул 70 жылдык маараке Казакстанда туруктуу өнүгүү болгон үчүн, жанагындай социалдык козголоң чыкпаганы үчүн чоң деңгээлде уюштурулду деп ойлойм.

- Соңку суроо. Мекениңизге – Кыргызстанга бурула кетээрсиз? Жанагындай тарыхый ири окуялар болуп өттү. Балким, республиканын жаңы бийлиги менен жолугаарсыз?

- Бүрсүгүнү Кудай жол берсе барып калам го. Жумуштарым да бар. Өзүмдүн элим-жерим дегендей. Калганын шартка жараша көрөбүз. Гезиттер сураса дагы макалалар берээрмин. Москвада исламдын азыркы орду боюнча конференция өткөрдүк, ал жөнүндө айтаармын, балким.

- Маегиңизге ырахмат, сак-саламат жүрүңүз!
XS
SM
MD
LG