Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

3-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 3-июнда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +25...+30 градус ысык.
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29 градус.
Республиканын Ош, Жалалабат, Баткен облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +26...+31 градус. Көл кылаасында түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25 градус жылуу. Тоолуу Нарын аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +27...+29 градус

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана жер-жерлердеги кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG