Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Баяман Эркинбаев Улуттук Олимпиада комитетине төрага болду


БИШКЕК. Былтыр декабрда Улуттук олимпиада комитетинин кезексиз конференциясы болуп, Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев ушул уюмга президент болуп шайланган. 24- марттагы ыңкылаптан кийин олимпиада комитетинин мүчөлөрү декабрдагы жыйын мыйзам бузуу менен өттү дешип, кайрадан мурдакы президент Эшим Кутаналиевди жетекчиликке шайлаган. Ошол 30- марттагы кезексиз конференция олимпиадалык хартияны бузуу менен өттү дешкен спорт федерациялары өз алдынча жаңы улуттук олимпиадалык комитет түзүшүп, өлкөнүн көкбөрү федерациясынын президенти Аскар Салымбековду жаңы түзүлгөн уюмга жетекчиликке шайлаган. Ошентип, өлкөдө 2 олимпиадалык комитет түзүлүп, кризистик кырдаалга кептелген. 2- июнда спорт коомчулугунун өкүлдөрү кеңешип, өлкөнүн алыш-күрөш федерациясынын президенти, Жогорку кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди Улуттук олимпиада комитетинин президенти кылып шайлашты.

XS
SM
MD
LG