Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 14:18

Ошто козукарындан үч адам мерт болду


ОШ. Облустук бириккен клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Токтомамат Абдымомунов кийинки үч күн аралыгында козукарынга ууланган он адам ооруканага оор абалда жеткирилгендигин, өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, алардын үчөөнүн өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогондугун билдирди. Учурда жергиликтүү адистер атайын илимий кызматкерлер менен бирге адамдар ууланган козукарындын түрү жана андагы уулуу заттын таасири боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG