Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Президенттикке 9 талапкер кол топтоо баракчаларын тапшырышты


НАРЫН. Алар - Курманбек Бакиев, Жыпар Жекшеев, Акбаралы Айтикеев, Жусупбек Шарипов, Турсунбай Бакир уулу, Урматбек Барктабасов, Токтайым Үмөталиева, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Гайша Ибрагимова. Ал эми Аманбай Сатыбаевдин өкүлдөрү кол топтоо барагын 2-июнда саат 10.00до алып келишкендигин, бирок аны кабыл алуудан облустук шайлоо комиссиясы мыйзам ченеминде баш тарткандыгын Сыдык Байтоков кошумчалады. Бул күнгө карата комиссия сегиз талапкердин кол топтоо баракчаларынын тууралыгын текшерип бүтүшкөн. Кол топтоо боюнча теңиртоолуктар арасында 15644 кол тамга менен учурдагы өкмөт башчысы Курманбек Бакиев эң жогорку көрсөткүчтү ээлесе, Жусупбек Шарипов үчүн 3177 кол тамга чогултулуп, ал акыркы тогузунчу орунду камсыз кылган.

XS
SM
MD
LG