Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

ЖК депутатынын эки кызматты ээлегенге укугу жок


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 2-июндагы отурумунда «Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулап, кабыл алды. Депутат Дооронбек Садырбаев иштеп чыккан бул долбоордо депутаттын макамы белгиленген. Мыйзамга ылайык эми мамлекеттик, коммерциялык жетекчи кызматта иштеген депутаттар депутаттык милдетти же экинчи кызматты тандап алышы керек.

Учурда Жогорку Кеңештин үч депутаты бир эле мезгилде мамлекеттик кызматта жана парламентте иштеп жатышат. Алар – Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахам Мадумаров жана Бишкек шаарынын мэри Аскар Салымбеков. Депутаттардан Бекназаров ээлеген кызматына биротоло бекигенден кийин кетерин, Салымбеков бул маселе президенттик шайлоодон кийин чечилерин буга чейин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG