Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

ШКУнун мамлекет башчыларынын жолугушуусу болот


БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министринин жыйыны 3-июнда Астана шаарында өткөрүлөт. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кадырбек Сарбаев катышуу үчүн 2-июнда Астанага жөнөп кетти. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, отурумда аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 5-6-июнда Казакстанда өткөрүлө турган жыйынындагы күн тартибин тактоо маселеси каралат. Ал эми мамлекет башчыларынын жолугушуусу учурунда уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы кызматтыштыкты чыңдоо жана аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздук абал боюнча пикир алмашуу болот. Шанхай кызматташтык уюмуна Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү мүчө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG