Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

«Арнамыс» саясий партиясы айрым гезиттерди сотко бермекчи


БИШКЕК. «Арнамыс» саясий партиясы «Жаңы кылым», «Жаңы ордо», «Республика» гезиттерин сотко берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова буларды билдирди:

- Бул гезиттер элди стабилдүүлүккө ынтымакка чакырбай эле элди кайра бири-бирине кайраштырып, ошонун ичинде Бакиев менен Куловду кайраштырып атышат.

Мамырованын айтымында, партиянын бул демилгесин төрага Феликс Кулов колдогон жери жок, ошондуктан, маселени саясий кеңеште чечүү жагы каралууда. Ушул эле күнү «Жаңы Ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев сотко кайрылуу бардык башка тараптар сыяктуу эле «Арнамыс» саясий партиясынын да өз эрки экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG