Полиция бүгүн түштүктөгү ооган шаарынын айланасында жолдорду тосмолоп баштады. Кечээ Кандагарда жанкечти талибдердин бийлигин сындап келген сабырдуу динаятчынын мечитинде өтүп жаткан жаназанын мезгилинде белине байлап келген жардыргыч затты жардырып жиберген эле. 20 чакты каза болгондордун арасында Кабул полициясынын жетекчиси жана анын алты сакчысы да болду. 40тан ашык киши жараат алды. Президент Карзай жогорку деңгээлде тергөө жүргүзүүгө буйрук берген.