Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Анжиян окуялары боюнча билдирүү жасады


Биздеги маалымат боюнча, Өзбекстанда элди козуткандар Өзбекстандын Исламдык кыймылы сыяктуу радикал экстремисттик жашыруун уюмдар, талибдердин калдыктары жана айрым чечен террористтери болгон деген маалымат бар, - деп айтты министр. Учурда Орусиянын чыгышындагы Владивосток шаарында жүргөн Лавров бул кишилер Өзбекстанга кантип өтүп келгенин өзбек парламенти иликтеш керек деди.

Владивостокто Орусиянын тышкы иштер министри бүгүн Кытайдын жана Индиянын тышкы иштер министрлери менен жолукту. Алар Борбор Азиядагы бейстабилдүүлүккө тынчсыздануу билдиришти. Жолушуууда үч өлкө эл аралык терроризмге, баңги аткезчилигине жана уюшкан кылмыштуулукка каршы стратегиялык алянс түзүүгө макулдашышты. Үч министр унаа, айыл-чарбасы жана энергетика жаатындагы кызматташттыкты тереңдетүү жана жаратылыш кырсыктарына каршы биргелешип аракет көрүү мүмкүнчүлүктөрүн да сөз кылышты.

XS
SM
MD
LG