Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Баткен облусунда түзүлгөн этика боюнча комиссия 50дөн ашуун жетекчинин үстүнөн түшкөн арыздарды карай баштады.


БАТКЕН. Облустук администрациянын аппарат жетекчиси Адылбек Шадымановдун 3-июнь күнү “Азаттыкка” көпчүлүк арыздар өтө эле чындыктан алыс жазылган жана фактыга ээ эмес экенин билдирди. Чогулушта каралган тогуз жетекчинин экөөсүнө сөгүш жарыяланып, үчөөсүнө эскертүү берилген. Калган төрт жетекчинин үстүнөн жазылган арыздар негизсиз деп табылган. Ал эми чогулушка салынган жетекчилердин бирөөсү “ошол учурда биз буйрукка баш ийип турганбыз. Эми жаңы бийлик деле ошентип иш алып барат. Эгер жүздөй адам келип пикетке чыгышса, ошол тарапка өтүп кете берсек, анда эмнебиз башкаруучу. Андан башка бул жерде жеке көз караштар да болуп жатат. Бирөөсүнө бул орун, экинчисине тигил кресло керек” деген пикирин билдирди.

24-марттан бери Баткен облусу боюнча элүүдөн ашык жетекчинин үстүнөн доо арыздар түшкөн. Алардын 50 пайызы коррупцияга байланыштуу.

XS
SM
MD
LG