Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Таласта президенттик шайлоого катышуучу талапкерлерди колдоочулардын топтолгон кол тамгаларын текшерүү жүрүп жатат


ТАЛАС. Облустук шайлоо комиссиясынан 3-июнь күнү алынган маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын президенттигине катталган он талапкерди колдоочулардын топтолгон кол тамгаларынын тууралыгын текшерүү жүрүп жатат. Ушул күнгө карата Акбаралы Айтикеев, Курманбек Бакиевди, Жыпар Жекшеевди колдогондордун кол тамгаларынын тууралагы тандалмалуу түрдө текшерилип бүттү. Бул ишти жүзөгө ашырып жаткан жумушчу топтордун маалыматына караганда, кол тамгаларды топтоодо азырынча мыйзам бузуулар аныкталган жок. Калган жети талапкерди колдогондордун кол тамгаларынын ырастыгын текшерүү 5-июнь күнү аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG