Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Астанага министрдин орун басары барды


БИШКЕК. 3-4-июнда Астана шаарында боло турган Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна Кыргызстандан тышкы иштер министринин орун басары Кадырбек Сарбаев катышууда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Министрдин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева өлкө ичиндеги иштердин көптүгүнө байланыштуу Астана жыйынына катыша алган жок. Астанада министрлер Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин июнь айынын башына белгиленген саммитине даярдык көрүү, Борбор Азия регионунда коопсуздукту сактоо маселесин талкуулоону белгилешкен.

XS
SM
MD
LG