Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

БШК премьер-министрге эскертүү жөнөттү


БИШКЕК. Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнө жылуу суу 6-июнда берилет. Бул тууралуу 3-июнда Бишкектеги жылуулук электр станциясынын директору Лев Васильев президенттин милдетин аткаруучу премеьер министр Курманбек Бакиев менен жолугушууда билдирди. Курманбек Бакиев мындан тышкары Бишкектеги «Дастан», «Бишкексүт» жана «Электротехника» заводдорунда болуп, бул ишканалардын өндүрүш мүмкүнчүлүгү менен таанышты. Ал эми БШК президенттикке талапкер премьер-министр эл менен жолугушууларды токтотуп, салтанаттуу жыйындарга катышуудан баш тартуусун мыйзам талап кылаарын эскерткен катты Курманбек Бакиевге жөнөттү. Бул тууралуу 3-июнда БШКнын төрагасы билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG