Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Акыйкатчы маалымат берди


БИШКЕК. 3-июнда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңешке өз ишмердүүдүгү боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 2004-жылы Акыйкатчыга 15 миңден ашуун атуул арыз менен кайрылган жана алардын 30 пайыздан ашууну арыздануучулардын пайдасына чечилген. Арыздар негизинен сот, тергөө иштерине байланыштуу берилүүдө. Акыйкатчыга депутаттар бир катар суроолорду берди. Алардын ичинде «Кумтөр» алтыны, Барскоон кырсыгы жана Баткен окуясы учурунда барымтага түшкөндөрдү бошотуу маселесине байланыштуу суроолор болду. Акыйкатчынын маалыматын талкуу жана ага баа берүү дүйшөмбү күнгө калтырылды.

XS
SM
MD
LG