Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

БШК төрагасы менен Ж.Назаралиев мушташты


БИШКЕК. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов президенттикке талапкер болгон Жеңишбек Назаралиевдин мыйзамсыз аракети тууралуу Башкы прокуратурага арыз берди. Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, ага Назаралиевдин 2-июнда түштөн кийин иш кабинетине келип, муунтуп, ыплас сөздөр менен тилдегени себеп болду. «Жеңишбек Назаралиев кыргыз тили боюнча сынактан өтпөй калгандыгына мени күнөөлөп жатат»,-деген БШК төрагасынын айтымында, экөөнүн кармашына Назаралиевдин президенттикке талапкер катары күрөөгө койгон 100 миң сомун кайтарып берүүнү талап кылгандыгы башкы себеп болгон. Абдраимовдун айтымында, Шайлоо Кодексининин 27-беренесинин 6 жана 18-пункттарына ылайык акчаны кайтарууга БШКнын укугу жок экендигин билдиргенде Назаралиев нааразы болуп, күч колдонууга барган. Ал эми Жеңишбек Назаралиевдин жардамчысы Наталья Субботина чатакты Абдраимов өзү баштагандыгын, токмок жеген Назаралиев тез жардам чакырып, дарыланууга мажбур болгондугун жана сотко арыз бергендигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG