Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:52

Тонолгон соодагерлер биригишүүдө


БИШКЕК. 24-25-мартта товарын талап-тоноткон соодагерлер 3-июнда «Жапа чеккен ишкерлер коомун» түзүштү. Бул тууралуу соодагерлердин жетекчиси Бурулкан Усубакунова билдирди. Анын айтымында, коом материалдык жардам көрсөтүүнү өтүнүп эл аралык уюмдар менен чет өлкөлөрдүн элчиликтерине кайрылганы жатат. Талап-тоноодон жапа чеккен 1,5 миң соодагер чыгымы үчүн 1 жарым миллиард сом төлөп берүүсүн өкмөттөн талап кылып жатышат. Соодагерлер мындан тышкары Үсөн Сыдыков, Курманбек Бакиев менен жолугуштурууну талап кылып, 6-июнда өкмөт үйү менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдында пикет өткөргөнү жатышат. Ал эми соода кызматкерлеринин тармактык профсоюзунун төрагасы Токторбек Жаналиев соодагерлердин бардык талабы мыйзамдуу эмес, себеби, чыгымды төлөп берүүнү мамлекетке салык төлөгөн соодагерлер гана талап кыла алышат деп билдирди. Өкмөт соодагерлер тарткан чыгымдын көлөмүн 1 миллиард 200 миллион сом деп баалаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG