Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:38

ЖОГОРКУ СОТ МЕНЕН ӨКМӨТ ҮЙҮНҮН АЛДЫНДА НААРАЗЫЛЫК ЧАРАЛАРЫ УЛАНДЫ


Жогорку сот толук курамында кызматтан кетсин деп талап кылгандар нааразылык чараларын эки күндөн бери имараттын сыртында улантып жатышат. Ал эми март окуясында жапа чеккен ишкерлер өкмөткө нааразылык билдирип, өкмөт үйүнүн жанында турушат.

Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акундун маалыматына караганда, парламенттик шайлоого байланыштуу 6 округдагы талаш-тартышты иликтеп жаткан соттук-эксперттик топ ишин жыйынтыктады. Эми бул документ президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин кароосуна берилет. Анткен менен эки күндөн бери Жогорку сот имаратынын алдында турган нааразы тарап акыйкат чечимди аягына чейин күтөрүн билдирип жатат.

№21-Токтогул шайлоо округунан келген шайлоочу Тамара Батырбекованын айтымында, бул жерде тургандардын жалгыз талабы - акыйкаттык:

- Ошо акыйкат чечимди эле күтүп отурабыз. Башка биздин бирөөгө жамандыгыбыз жок.

Бул аралыкта март окуясында талап-тоноолордон жапа чеккендер да нааразылыктарын билдирип жатышат. Бир күн мурда акцияны өкмөт үйүнүн жанында баштаган ишкерлер жума күнү президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен жолугушууну талап кылышты.

Мунун себебин жапа чеккен ишкерлер коомунун төрайымы Бурулкан Усубакунова өкмөттүн жетиштүү көңүл бурбай жаткандыгы менен түшүндүрдү. Анын айтымында ишкерлер өкмөткө төмөнкүдөй талаптарды коюп жатышат:

- Жапа чеккендердин баарын тактап туруп, чыгым үчүн жардамды тегиз бөлүп берүүсүн, жеңилдетилген кредит маселесин чечип берүүнү, үстөгү төмөн узак мөөнөттөгү кредитти, мурда алган кредиттердин мөөнөтүн узартып, үстөгүн азайтып берүүнү, алты айга бажы пошлинасынан бошотууну, демилге топтон өкмөттүк комиссияга киргизүүнү талап кылып жатабыз.

Өкмөт үйүнүн алдына чыккан ишкерлердин айтымында, 24-25-марттын түнүндө тонолгон ишкерлердин чыгымдарын төлөп берүүгө өкмөт милдеттүү.

Бирок өкмөт мындай позицияны негиздүү эмес деп эсептеп жатат. 2-июнь күнү кечинде уюштурган маалымат жыйынында комиссиянын жетекчиси, вице-премьер- министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов өкмөт колдон келген жардамды берип жаткан билдирди. Анын айтымында, өкмөт жыл этегине чейин ишкерлерден салык, бажы, социалдык фонд үчүн төлөмдөрдү жыйноону убактылуу токтотот, чыгымдарды мамлекеттик бюджеттен кошумча акча бөлүү, ички иштер министрлиги, гуманитардык жардамдар аркылуу төлөп берет.

Өкмөт мунун бардыгы мыйзам чегинде ишке ашышы керек деп эсептейт, бирок, мүлкү тонолгондугу тууралуу арыз берген 1350 ишкердин жарымынан көбү салык төлөгөндүгү тууралуу документи жок болуп жатат. Бул тууралуу шаардык каржы башкармалыгынын башчысы Абдували Нышанов мындай деди:

- Мисалы, ишкер болгондон кийин жарыкка чыгыш керек да. Ишкер болгондон кийин салык инспекциясынан, соцфонддон, статтан каттоодон өтүшү керек. Анан салык төлөп, кичине иштеш керек да. Эч жерде катталбаса, беш тыйын төлөбөсө, документи жок болсо эмне кылабыз анан?

Соодагерлердин кесиптик кошууну да өкмөттүн бул көз карашын колдоорун жана нааразылык билдирип жаткандарга тилектеш эмес экендигин уюмдун төрагасы Темирбек Жаналиев билдирди.

Анткен менен нааразылык билдирип чыккандар салыктарды салык инспекторлору аркылуу үзгүлтүксүз төлөп келишкенин, документтери талап-тоноолор учурунда жоголгонун белгилешип, ачкачылыкка чейинки акцияларды уюштурарын айтып жатышат:

- Үч күн турабыз. Үч күнгө чейин жыйынтык чыкпаса ачкачылыкка чыгабыз. Азыр алтымыш киши буга жазылды, - деди Чолпон Үсөналиева аттуу ишкер.

Ал эми жапа чеккен ишкерлер коомунун төрайымы Бурулкан Усубакунованын айтымында, ачкачылыкка чыгуу маселесин дагы салмактап жатышат, бирок дүйшөмбү күнү ишкерлер өз талаптары менен өкмөттүн жана парламенттин алдына кайрадан чыгары анык.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG