Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Чолпон Орозобекова , Бишкек 3-июнда Курманбек Бакиевдин төрагалыгы менен өкмөт үйүндө коопсуздук кеңештин жыйыны болду. Анда 24- марттагы окуяны шарттаган жагдайлар, өлкөдөгү саясий кырдаалды турукташтыруунун чаралары, экономиканын ал- абалы жана жер басып алуу аракеттери өңдүү маселелер каралды.

Коопсуздук кеңеши бул жыйында 24- марттагы окуяны иликтеген жана өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруунун чаралары боюнча иштеп жаткан мамлекеттик комиссиянын отчетун укту. Комиссиянын мүчөсү Бейшебек Акунов иликтөөлөрдүн жыйынтыктары менен тааныштырды.

Комиссия 24- марттагы окуя эртедир- кечтир болмок деген бүтүмгө келген. Аскар Акаевдин режиминин алдындагы жашоого элдин чыдамы түгөнүп, коомчулукта чыңалуу күн сайын күчөп келаткан. Бейшенбек Акунов билдиргенге караганда, комиссия бийликти бир колго топтоп алган Аскар Акаев жалаң маараке, той- топурларды уюштуруп, артында эчтеке жок программалар менен элди алаксытып келген деп санайт:

- Буга чейин өлкөдө бийлик бир колго өтүп, бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук болгон эмес. Аскар Акаев өз билгенин кылып, акимден баштап жогорку кызматтагы чиновниктерге чейин «кол жоолуктай» алмаштырып, ал кызматкерлердин мүмкүнчүлүгүн иш үчүн пайдаланууга убакыт да жеткен эмес. Аскар Акаев ар кандай обу жок идеялары жана программалары менен коомчулукту дүргүтүп, той- топурлар жана мааркелер менен элди алаксытып келген. Бул иште жубайы Майрам Акаева да аралашып жүргөнүн айтып коюшубуз керек. Бул той- топурларга кеткен чыгымдар мамлекеттик казынадан кетип, мамлекет зыяндан башка пайда көргөн эмес.

Комиссиянын пикиринде, кокусунан бийликке келген Аскар Акаев ушунча жылдар бою мамлекетти башкаруунун искусствосун үйрөнө алган жок:

- Кокусунан келгендиктен экс- президент мамлекетти башкарууда таптакыр тажрыйбасы жоктугун акыркы күндөргө чейин көрсөтүп келди. Ошондуктан президенттеги бийлик анын айлана- чөйрөсүнө, туугандарына жана жакындарына өтө баштаган. Президент өзү да авторитардык режимге ыктап, ага бериле баштаган. Бул илдеттин айынан Конституцияны төрт жолу өзгөртүп, президенттин бийлик ташы оорлогон.

Комиссиянын иликтөөсүнө караганда, бийликтин кынуусун алган жакындары өлкөдө саясатка да, экономикага да, акыры шайлоонун жүрүшүнө чейин кийлишип кетишкен:

- Президенттин жеке бийлигинен пайдаланып, анын жакындары жана үй- бүлөөсү саясий жана экономикалык тармакты колго алган. Ошентип аткаруу жана сот бийлиги алардын «кол жоолугуна» айланган. Шайлоо өнөктүгүнө баш оту менен киришип, жеке көзөмөлү аркылуу «чөнтөк парламентти» алып келүү менен Аскар Акаевдин дагы бир жолу шайланышына шарт түзүлүп келаткан болчу.

Мамлекеттик комиссия Аскар Акаевдин чоң трагедиясы эмнеде экенин мындайча билдирди:

- 24- март күнү башын сактап калыш үчүн үй- бүлөсү менен Кыргызстандан качып кетүү менен президент Кыргызстанды бүт дүйнөгө уят кылды. Бул анын чоң таргедиясы болуп калды.

Комиссиянын ушундай отчету менен экс- депутат Бейшебек Акунов тааныштырды. Комиссия өкмөткө бир нече сунуштарды айтты. Анын ичинде, Жайсаңбаевдин иши өңдүү дайыны чыкпай калган кылмыш иштерди кайрадан казып, соңуна чыгаруу, Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү жазалоо, экс- президент Аскар Акаевдин үй- бүлөсүнүн мүлкү боюнча иштерди аягына чыгарып, элге жыйынтыгын көргөзүү өңдүү сунуштар бар.

Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов аталган комиссиянын төрагасы катары өз ойлору менен бөлүштү. Анын пикиринде, Кыргызстанда эң башкысы коррупциянын тамырын кыркыш керек. Мирослав Ниязов БУУнун коррупция боюнча конвенциясына кирип, коррупцияга каршы күрөшө турган атайын мамлекеттик орган түзүү зарылдыгын белгиледи.

Мирослав Ниязов башкарган бул комиссия Аскар Акаев оппозиция менен эч качан сүйлөшүүлөргө бармак эмес деген бүтүмгө келген. Ошол кезде мамлекеттин эң жогорку жетекчилиги өлкөдөгү кырдаал жөнүндө толук маалыматты өз учурунда жана дайыма алып келген. Парламенттик шайлоону өткөрүү экс- президенттин жеке көзөмөлүнө өтүп, кырдаалды чечүүнүн тынч жолун тандагысы келбеген Аскар Акаев «Буран», «Калкан» өңдүү варианттар аркылуу күч менен басаарына ишенген. Комиссия ушундай жыйынтыктары менен тааныштырды.

Коопсуздук кеңеште Аскар Акаевдин тушундагы жана азыркы экономикалык кырдаал жөнүндө Экономикалык өнүгүү министри Амангелди Муралиев сүйлөдү. Анын айтымында, Кыргызстанда экономика бир да кадам алдыга жылган эмес, жалаң талкалануунун гана үстүндө болгон. Амангелди Муралиевдин айтымында, ички дүң продукция 10 жылда 6 эсеге кыскарып, өлкөдө болгон өндүрүштүн 45 пайызы талкаланып жок болгон.
XS
SM
MD
LG