Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Оор абалдагы райондордо иштеген компаниялар салыктан бошотулат


БИШКЕК. Өлкөдөгү экономикалык абалы оор, инфраструктурасы начар кичи шаарларга, тоолуу райондорго инвестиция салган компания, ишканалар бардык салыктардан бошотулууга тийиш. Мындай пикирин 4-июнда өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев ишкерлер менен болгон кеңешмеде билдирди. Учурда өкмөт тарабынан өлкөнүн салык Кодекси иштелүүдө. Бакиев белгилегендей, аталган Кодекс кеминде эки жылга өзгөртүлбөшү керек жана анда Кыргызстанда киреше салыгы 10 пайызга төмөндөтүлүшү каралат. Айыл-чарба субъектилеринен соода жугүртүүсү 2,5 млн сомго жеткенде гана салык алынууга тийиш. Бакиев маалымдагандай, 1-июлдан баштап Кыргызстанга алынып келине турган техникалык жабдуулар үчүн салык алынбайт. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр ошондой эле буга чейин банкротко учураган бир катар банкттардын аманатчыларына акча төлөнө баштагандыгы тууралуу айтып, бул иш-чара элдин банкттарга болгон ишенимин кайтаруу үчүн жасалып жаткандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG