Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Тил комиссиясынын кезектеги сынагы өттү


БИШКЕК. 4-июнда Бишкекте өкмөт үйүндө президенттикке талапкерлер Токтайым Уметалиева, Назарбек Нышанов, Урмат Барктабасов жана Аманбай Сатыбаев мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырышты. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган лингвистикалык комиссия президенттикке төрт талапкер тең мамлекеттик тилди билет деген жыйынтык чыгарды. Талапкерлер өздөрүнүн программалары менен да кыргыз тилинде тааныштырышты. Токтайым Уметалиева калктын социалдык абалын жакшыртуу, гендердик, демографиялык маселелерди белгилесе, Урмат Барктабасов өлкөнү өнүктүрүү үчүн улуттук идеологиянын, кен-байлыктарды туура пайдалануунун зарылдыгы жөнүндө айтты. Ал эми Аманбай Сатыбаев мурдагы президент Аскар Акаевдин мезгилинде өлкөдө түзүлгөн баалуулуктар сакталышы керек деген пикирин айтса, Назарбек Нышанов өлкөдө адам укуктарын коргоону жакшыртуу маселесине токтолду.

XS
SM
MD
LG