Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙРЫЛЫШ ЖОЛУ: ОҢГО ТАРТСАҢ - ПРЕЗИДЕНТ, СОЛГО ТАРТСАҢ - ПАРЛАМЕНТ


Ушу тапта жүрүп аткан Конституциялык реформанын талылуу маселелелеринин бири - президент менен өкмөт башчынын кызмат милдеттерин аныктап алуу. Буга чейинки Башмыйзам өзгөрүүлөрү президентке абсолюттук дегидей укуктарды берип, аны жоопкерчиликтен тыш калтырууга байланып келсе, эми өкмөт башчынын баркын көтөрүү демилгеси көбүрөөк айтылууда.

Аскар Акаевдин үч мөөнөткө созулуп кеткен президенттик бийлиги 1990-жылдан киргизилген башкаруунун жаңы институтунун баркын биротоло кетирип койгон белем, Конституциялык кеңеш катышуучуларынын дээрлик баары аны бир мөөнөт менен чектөөнү туура көрүшүүдө. Анын үстүнө өкмөт башчынын укуктары кеңейип, аткаруу бийлигиндеги орду бийиктеп кетсе президенттик кызматка талпынгандардын саны кыйла азайып кетиши деле ыктымал.

Парламенттик республика идеясын абыдан жактырган «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Ф.Кулов К.Бакиев менен мунасага келгиче непадам президент болуп шайланып калса бир мөөнөт гана иштеп, 2010-жылдан Кыргызстанды парламенттик башкарууга өткөрүү демилгесин көтөрүп келген.

Ушундай эле ойду белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов да айтып келатат. Анын ырасташынча, парламенттик республикалардын текши баарынын экономикасы ыкчам өнүгүп, калкы бакубат жашоодо.

Мурдагы парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев Кыргызстан үчүн башкаруунун алдагыдай формасы ылайыксыз деген пикирде:

- Башынан эле президенттик республиканы жактап келатам. Бирок ал баарынан бийик турган президенттик бийлик болбосун. КМШ өлкөлөрүндөгү президенттик бийлик анын шылдың сүрөтү гана. Бизде, күчтүү президент, кабелтең парламент, карылуу сот бийлиги болсун деп айтып келатам.

Конституциялык реформанын толтосунда турган талылуу маселе - президент менен премьер-министрдин кызматын теңдеп бөлүштүрүү Бакиев-Кулов мунасасынан кийин чоң саясий маани-мазмун алып чыга келди.

Конституциялык сот төрайымы Чолпон Баекова маселени барып-келип эл чечет деп эсептейт:

- Эгерде парламенттик республиканын формасын биздин инсандар каалап, тандап алса, анда анда аткаруу бийлигинин бөксөрүп аткан канын толтура турган күчтү кошобу деген пикир бар.

Саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов жаңы демилгеге азгырылып президенттик бийликтин канат-бутагын кесип салуу өлкөнү коркунучтуу жагдайга алып келиши ыктымал дейт:

- Бүгүнкү күндө ошол мамлекеттин өнүгүшүнө, азыркы мындай кооптуу жагдайда мамлекетти түз алып кетиш үчүн мен ойлоп атам, президенттик бийликти өтө алсыратып койгондо жарабайт. Себеби, биздин региондо стабилдүүлүк, туруктуулук жок.

Элдик ыңкылаптан кийин апыл-тапыл башталып калган Конституциялык реформа тушунда президент шайлоо өткөнү калды. Шайлоо алдында кескин кадам жасоодон жазганып турган жаңы бийлик болсо калк көңүлүн алыш үчүн баарына кайыл болуп туру. Бул тууралуу депутат Кубатбек Байболов мындай пикирде:

- Азыр «көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин» дегендей болуп, эмнеси болсо дагы, өрттөнүп кетсе дагы, бийликти алып жыгылайлы, деген маанай болуп турат окшойт. Ал эми ошол бийликти алгандан кийин бийлей турган мамлекет, тейлей турган эл калбай калышы мүмкүн экендигине ой жүгүртө албай жатышат.

Ошентип азыр Кыргызстан айрылыш жолдо турат. Президенттик бийликтен жалккан өлкө парламенттик республиканы күсөөдө.
XS
SM
MD
LG