Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

КАЗАНДА ТҮРК ТИЛДҮҮ ЭЛДЕРДИН ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП ЖАТАТ


Замира Кожобаева, Прага Ушул тапта Татарстандын борбору Казан шаарында “Нооруз” деген ат менен түрк тилдүү элдердин театрларынын фестивалы өтүп жатат. 1-июнда башталган фестивал беш күнгө созулат. Ал Орусиянын маданият министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө. Фестивалга түрк тилдүү элдердин 15 драмалык театр, анын ичинде Кыргызстандан Токтоболот Абдымомунов атындагы академиялык драма театры катышууда.

Түрк тилдүү элдердин театрларынын фестивалы учурунда Кыргызстандын Токтоболот Абдымомунов атындагы академиялык драма театрынын артисттеринин аткаруусунда коюлган “Король Лир” спектакли көрүүчүлөр тарабынан узак кол чабуулар менен жылуу кабыл алынды.

Ошондой эле спектакль калыстар тобун да кайдыгер калтырбагандыгы тууралуу Бишкектен келген театр сынчысы Элеонора Түрттүбекова буларды айтып берди:

- Спектаклдин ийгиликтүү болушуна эң биринчиден аткаруучулардын чыгармачылык чеберчилиги себеп болот деп ойлойм. Фестивалда коюлган “Король Лир” спектаклиндеги башкы каарман королдун ролун таланттуу артист Муканбет Токтобаев бүт дүйнөсү менен туюп-сезип ойноп, ачып бере алган. Спектакль бүткөндөн кийин калыстар тобунун жетекчиси Андрей Борсиов бардык салтты бузуп, спектакль тууралуу өтө жакшы ойлорун айтты. Ал “Король Лир” драмасын көрүүчүлөргө мындай мааниде да берсе болорун билбептирмин деген оюн айтты.

Түрк тилдүү элдердин театрларынын “Нооруз” деп аталган 8-фестивалы бул жолу Казан шаарынын 1000 жылдыгынын урматына Татарстандын борборунда өткөрүлүп жатат. 1989-жылы Алматы шаарында башталган бул фестивалга алгач Союздук республикалар гана катышуу укугуна ээ болчу. Алматындан кийин Бишкекте, Дүйшөмбүдө жана Ташкенде болгон театр фестивалдарына учурда фестивалга катышып жатышкан көптөгөн театрлар катыша алышкан эмес. Алардын арасында татар театры да бар эле. Эгемендик алгандан кийин биринчи жолу Татарстандагы Камал театры Ашгабат шаарында өткөн фестивалга чакыруу алышкан.

Бул жолу өтүп жаткан фестивалдын дагы бир өзгөчөлүгү: буга чейин ага 5 театрдын гана спектаклдери коюлуп келсе, бул жолу 13 театрдын артисттери өз өнөрлөрүн сынашмакчы. Алардын ичинде Алтай, Башкыр, Молдова, Тува, Чуваш жана Хакас элдеринин да театрлары бар. Булардан тышкары кароо-сынакка Түркиядан Стамбул мамлекеттик драма театры да катышып жатат.

Бул фестивал түрк тилдүү элдердин театрларынын гана эмес, Орусияда жашаган, иштеген түрк тилдүү атуулдарынын да башын бириктирди. Анткени фестиваль өтүп жаткан Казан шаарына өздөрүнүн мекендештеринин ийгилиги үчүн күйгөн түрк тилдүү жарандар да көп келген. Алардын ичинде Казан шаарында жашап жана иштеген Кыргызстандыктар да бар.

Алардын бири—Эстебек Сыргабаев ишкерлик кылат. Ал фестивалга кыргыз академиялык драма театрынын спектаклин көрүү үчүн келгендигин билдирди:

- Биз фестивалга атайын өзүбүздүн боордошторубузду, элибизге көрүнүктүү болгон таланттуу артисттерибизди көрөлү деп келдик. “Король Лир” турмуштан алынган чыгарма. Ал эми биздин артисттер аны турмуштагыдай кылып көрүүчүлөргө жеткире алыптыр. Мен чыгарманын өзүн китептен окуган элем, бирок буга чейин спектаклин көргөн эмесмин. Аябай жакты.

Казан шаарында өтүп жаткан түрк тилдүү элдедин театрларынын 8-Фестивалы 5-июнь күнү аяктайт.
XS
SM
MD
LG