Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

КЫТАЙДЫН АСКЕРДИК ӨНҮГҮҮСҮ ВАШИНГТОНДУН ТЫНЧЫН АЛУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Азия өлкөлөрүнүн Сингапурда коопсуздук маселелерге арнланып өткөрүлүп жаткан жыйынында 3-июнда сүйлөгөн сөзүндө АКШнын коргоо министри Дональд Расмфелд Кытайды аскердик тармагын ого эле тез темптер менен өнүктүрүп жатат деп сынга алып, Кытайга кайсы бир мамлекет тарабынан коркунуч жаралбаганын баса белгиледи. Ошону менен бирге эле Рамсфельд өлкөдөгү экономикалык реформалар демократиялык реформа менен тең арымдабай жатканы үчүн Кытайды сындады.

Пентагон Кытайдын аскердик тармагынын тездик менен өнүгүп баратканына бир нече жылдан бери тынчсызданып келатат, бирок Расмсфелддин Сингапурдагы конференцияда жасаган билдирүүсү бул маселе боюнча айтылып келаткан сын пикирилердин эң катуусу болду. Рамсфелд өз сөзүн Кытайдын курал арсеналынан баштады:

- Kытай өзүнүн ракеталык арсеналын кеңейтип жатканы байкалат. Анын ракеталары азыр Тынч Океан регионундагы буталарга эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн жерлериндеги объекттерге жете алат. Ал ракеталык арсеналын эле кеңейтпестен, аскердик технологиясын да өнүктүрүп жатат.

Рамсфелд аскердик тармакты мынчалык өнүктүүрүнүн зарылчылыгы барбы, деген суроого да токтолду. Бул тармакка эмне себептен мынчалык көп инвестиция жасалып жатканы таң калыштуу, анткени Кытайга бир да өлкө коркунуч келтирип жаткан жери жок, деди америкалык министр.

Рамсфелд ошондой эле Кытайда экономикалык реформа кеңири арымдап жатканы менен, саясий эркиндикти камсыз кылуу чоң маселе болуп кала берип жатканын баса белгилеп, экономикалык реформалар коомдогу ачыктыкты талап кылаарына токтолду:

- Элим өзүнүн бар күч кубатын, таланты менен эс-акылын өлкөнүн экономикалык гүлдөп-өсүүсүнө жумшасын деген мамлекет, элине зордук-зомбулукта жашоону жэ прогресске умтулууну өз эрки менен тандап алууга мүмкүндүк берет. Саясий реформаларды колдогон, бирок өз жарандарын коргобогон коом, өлкөдө туруксуздукка негиз түзөт.

Байкоочулардын пикиринде, Рамсфелддин Сингапурда сүйлөгөн сөзү Кытайдын милитаристтик мүдөө- максаттарына, анын экономикалык жана дипломатиялык таасиринин барган сайын өсүп баратканына Кошмо Штаттардын тынчсызданып келатканын таасын көрсөтүүдө. Бирок Рамсфелддин сөзү мындан да катуу болушу ыктымал эле. Маалыматтар боюнча, Рамсфельд алгач даярдаган текстинин бир канча жерин конференциянын жуп алдында жумшартып, Бээжиндин аскердик өнүгүүсү региондогу коопсуздуктун тең салмагын бузууда, деген негизги идеяны тексттен алып салган. Кытайдын конференцияга келген делегациясынан бирөө: "АКШ Кытайдын аскердик күчтөнүүсүнөн кооптонуп жатабы?"- деп сураганда, ал "жок" деп жооп кайтарган.

Рамсфельд Кытайдын дарегине жалаң эле сын сөздөрдү айтпастан, расмий Бээжиндин коммунисттик Түндүк Кореянын ядролук программасына байланышкан талашты жөндөө үчүн кошуп жаткан салымын баса белгилей кетти. Анын айтымында, Кытай бир жылдан бери ордунан жылбай келаткан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү алгалатууга ири салым кошо алат.

XS
SM
MD
LG