Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

ЕВРОШАРКЕТТИН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ БОЛОТ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Нидерландия шаршемби күнү өткөн референдумдун натыйжасында Еврошаркеттин Конституциясын четке какты. Расмий маалыматтар боюнча, Нидерландиянын шайлоого укугу бар калкынын 62 пайызы Баш мыйзамга «каршы», 38 пайызы «макул» деп добуш беришкен. Ал эми добуш берүүгө шайлоочулардын 60тан ашык пайызы катышты. 25 өлкөнүн башын кошкон Негизги мыйзамдын катары менен эки өлкө тарабынан четке кагылышы Еврошаркеттин жетекчилерин терең ирээнжитип, саясатчылар менен серепчилер жана жөнөкөй калк алдында: "Еврошаркеттин келечеги кандай болот", деген суроону кабыргасынан койду.

Европадагы саясатчылардын Нидерландиядагы референдумдан кийинки маанайын Еврошаркеттин азыркы төрагасы, Люксембургдун өкмөт башчысы Жан Клод Юнкердин: "Европа эми көптөгөн элдер үчүн көптөн көксөгөн көк жээк болбой калды",- деп каңыры түтөгөнү чагылдырат. Бирок буга чейин 10 өлкө тарабынан ратификацияланып, баш аягы 220 миллион кишинин колдоосуна ээ болгон Негизги мыйзамды бекитүүнүн мындай нукка бурулганы баардык эле саясатчыларды тынчсыздандырганы менен, басымдуу көпчүлүк документти ратификациялоо улантылууга тийиш, деп эсептешет.

Европарламенттин төрагасы Хосе Боррель нидерландиялык электоратты "суу жүрөктүк кылып койду" деп айыптаганы менен, Конституцияны ратификациялоо жараяны улантылууга тийиш деген пикирде:

- Кооптонуу көксөгөн ойдон күчтүү болуп чыкты. Азыр бардык европалыктар өз пикирин билдирүүгө мүмкүндүк алыш керек. Aрийне биз француз жана нидераландиялык шайлоочулардын пикирине чоң маани беребиз. Бирок башка европалыктардын көз карашы да маанилүү.

Ушул жумада Европанын айрым лидерлери уюмга мүчө өлкөлөрдү сабырдуулуккка чакырып, 16-17-июнга чейин кандайдыр чечим кабыл албоого үндөштү. Евро Комиссиянын төрагасы Хосе Мануэль Бароссо бул тууралуу мындай деди:

- Бардык мүчө мамлекеттерди бир жактуу чечим кабыл алуудан Евро Кеңештин жыйынына чейин сабыр кыла турууга үндөөбүз керек. Мунасалуу пикирге келүү арийне маанилүү, бирок ошого карабастан мен Евро Кеңештин келерки жыйынынын бир бөлүгүн бул маселени талдоого арноого үндөйм. Өз кезегинде Евро Комиссия биз өзүбүздн программабызды уланта беребиз .

Сабыр кыла тургула, деп Бароссо биринчи кезекте Британияга кайрылууда. Анткени британ саясатчыларынын ичинде Конституция боюнча референдумду 2006-жылдын баш ченинде өткөрүү туралуу мыйзамды кабыл алууну кийинкиге жылдыруу жөнүндө кептер айтыла баштады.

Еврошаркетке кирген өлкөлөрдүн көбү негизги мыйзамды ратификацтялоо процессин улантууга ниеттүү экенин билдиришти. Бирок Еврошаркеттин саясатчылары менен аналитиктердин бир тобу Франция менен Нидерландияда өткөн референдумдар уюмда антиконституциялык маанайды өөрчүтүп, жеңишке жетишүүнү кыйындатат, деген пикирде.

Нидерландиядагы Эл Аралык Мамилелер Институтунун серепчиси Дик Лойердийк, ал тургай, Еврошаркет мындан ары референдум өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы, жэ жокпу?-деген маселени чечүүнүн алдында турганын айтат.

Ал эми франциялык аналитик Филип Морйө де Фарж алдыдагы саммитте Констиуцияны ратификациялоонун ордуна башка бир альтернатива табылууга тийиш, дейт. Анын пикиринде, андай алтернативдүү чечимдердин бири- Конституциянын долборунун айрым бир орчундуу бөлүктөрүн камтыган, макамы чектелген бир келишим болуусу мүмкүн.

Мындай кескин пикирге нидерландиялык аналитик Лойердийк макул эмес. Анын көз карашында, Конституция боюнча акыркы чечимди кабыл алууну кийинкиге калтыра туруу мүмкүн. Анткени Еврошаркеттеги интеграциялануу процесси дагы бир канча убакытты, тажрыйбаны жана салмактуу ой жүгүртүүнү талап кылмакчы.

XS
SM
MD
LG