Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Босниялык серб кылмышкерлери жакын арада кармалышы мүмкүн


Бириккен Улуттардын аскерий кылмыштар боюнча прокурору Карла дел Понте кечээ күнү Босниянын борбору Сарай-Босна шаарында чыгып сүйлөп, 1995-жылы Босниянын Сребреница шаарынын мусулмандары серб аскерлери тарабынан кантип кырылганы тууралуу дагы жаңы видеолор бар экенин билдирди. Анын айтымында, ал кездеги босниялык серб жетекчилери Радован Каражич жана генерал Ратко Младич эми кармалууга тийиш:

- 1995-жылдын июлунда Сребреницада болгон кыргын тууралуу биз шаршемби күнү көргөн видео - биз убакытты создуктурбай Радован Каражич менен Ратко Младичти кармап, аларды Гаагага жеткирүүгө тийиш экенибизди көрсөтөт.

Биринчи андай видео тасма мурдагы серб президенти Слободан Милошевичке каршы Гаага шаарында өтүп жаткан сотто 1-июнда көрсөтүлгөн. Сребреница шаарынын тургундарынан серб аскерлери сегиз миңге жакын эркек мусулманды бөлүп алып, алардын баарын 1995-жылдын 11-июлунда кырып салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG