Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: «БАРДЫК МАМЛЕКЕТТИК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН МАМЛЕКЕТТЕН АЖЫРАТЫЛЫШЫ ТУУРА ЭМЕС”


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку мезгилдери өкмөттүк маалымат каражаттарын реформалоо маселеси кайрадан көтөрүлүүдө. Ага ылайык Улуттук телерадиокорпорациясы жана бардык өкмөттүк маалымат каражаттары мамлекеттен ажыратылат. Айрым саясатчылар жана жогорку бийлик өкүлдөрү өкмөттүк маалымат каражаттарынын жапырт менчиктерилишине каршы болушууда. Бул маселе боюнча кабарчыбыз мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов менен маектешкен.

- Дастан мырза соңку мезгилдери Кыргызстандагы өкмөттүк маалымат каражаттарын реформалоо демилгеси көтөрүлүп, ушул боюнча аракеттер көрүлүүдө. Өкмөттүк маалымат каражаттарын реформалоо зарылдыгы барбы?

- Өткөн бийликтин олуттуу катачылыктарынан эл жана жаңы бийлик тиешелүү тыянак чыгарып, сабак албаса бүгүнкү оор абалды оңой албайбыз. Мурдагы бийликтин өз элин жана мекенин таштап кеткенинин бирден-бир себеби өлкөдө адилеттик менен калыстык болбой калгандыгынан улам болду. Так ушул абалга бизди өлкөдөгү маалымат каражаттарынын маалыматтарды бурмалап, элдин кызыкчылыгын көздөбөй, бийликтин башында туран чакан топтун гана максатын жактап жалган маалыматты таратышы алып келди. Демек ушул өңүттөн алганда мамлекеттик маалымат каражаттарын реформалоо демилгеси туура.

-Мамлекет башчынын милдетин аткаруучунун жардыгы менен түзүлгөн жумушчу топ, Улуттук телекорпорацияны коомдук телекорпорацияга айландыруу демилгесин көтөрдү. Мамлекеттик катчы катары мындай аракеттерге пикириңиз?

-Улуттук деп аталганы менен КТР көп жылдар бою улуттун кызыкчылыгын чагылдырган жок. Улут унутулду. Элге бир жактуу гана маалымат берип келди. Эми КТР жалпы элдин мүдөөсүн чагылдырып, улутка кызмат кылышы керек деп ойлойм. Ушундай мааниде анын аты да заты да өзгөрүшү зарыл

- Улуттук телеканалды коомдук телеканалга кантип айландырууга болот жана анын кандай жолдору бар? Ошол боюнча да өз оюңузду айта кетсеңиз.

-Биринчиден, бир эле топтун же бийликтин бир бутагынын кызыкчылыгын көздөбөй, жалпы калкыбызга керектүү маселени чагылдырыш керек. Анын жолдору көп. Илгери байкоочу кеңеш деген сунушталган. Бул калыс адамдардын тобу. Экинчи маселе албетте каржылоо маселеси. Аны терең иликтеп чечиш керек. Себеби бүгүн башка булактардан каржылоо табуу бир чети тез арада чечилбейт. Экинчи жагы ким акча төлөсө ошонун сөзүн сүйлөө деген коркунуч бар.

- Дастан мырза сөзүңүзгө аралжы, маалымат каражаттарын мамлекеттен ажыратуу демилгесине оюнуз кандай?

- Мамлекеттен ажыратуу дегенге этиеттик менен мамиле кылышыбыз керек. Себеби мүлктү мамлекеттен ажыратабыз деген саясат, он жыл мурда башталып, ал эмнеге алып келгендигин биз көрдүк. Натыйжада айыл-чарба жана өнөр-жайды талкалап алдык. Бул жолу да ошондой каталарга жол бербеш керек. Эгерде бизде өкмөттүн бир дагы гезити же сыналгы каналы болбосо тарбия, маданий, ыйман маселесин кантип элге жайылтабыз. Өлкөнүн келечеги, эл тагдыры үчүн, улут үчүн бизде бир курал болуш керек да. Демек биз ушул маселени өтө кылдаттык менен карап чечишибиз керек. Ушул өңүттөн алганда өлкөдөгү бардык мамлекеттик маалымат каражаттарынын мамлекеттен ажыратылышы туура эмес.

-Маегиңизге чоң рахмат!
XS
SM
MD
LG