Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

Жаңы парламенттин таркатылыш-таркатылбаш маселеси кийинки кездери чоң саясий оюндардын айлампасына айланууда. Элдик ыңкылаптын өтүшүнө шынаа болгон жаамы журт козголуусунун натыйжасында алмашылып кеткен бийлик ушу тапта шайлоо даярдыгына өтүүдө. Анткен менен көбүнесе капчыктуулар менен өкмөттүн ыкластуу жардамы алдында депутаттык мандатка жетишкендердин маселеси дагыле чечиле элек.

Жаңы парламент өзүнө курбалдаш өкмөттүн ар бир сөзүн кыя кетирбей, жаңыча жашоонун ыкластуу чакырыгын чарчабай айтып келет. Соңку кездери айныксыз жүйө катары ишин өтөп келаткан «артыбыздан момунча кишини алып чыгабыз» аргументи Кыргызстан шартында маанилүү себептин кызматын аткарууда.

Аны парламент депутттарынын кезектеги жыйынында Жетиөгүздөн шайланып келген эл өкүлү Кубанычбек Исабеков момундайча түшүндүрдү:

- Тынчып бараткан өлкөбүздөгү кемени сууга кайра чөктүрүштүн кереги жок. Бул бир деп коюңуз. Экинчиси, урматтуу Үсөнов, өкмөттүк каналдар парламентке каршы иштөөчү каналдарбы же биз дагы, мисалы, мынабу 74 депутат өз округунан көтөрүп койсо не болот, мырзалар. Кичине ойлонбойсуңарбы? Анан силер Үсөн Сыдыковго каршы киши жок, жаңы өкмөткө каршы киши жок деп ойлоп атасыңарбы? Бизнес кылган адамдар толтура азыр. Биз чыгып баратсак, 200 – 300 кишини чакырып, пикет уюштуруп берүүнү каалаган кишилер толтура. Муну ким уюштуруп койгон? Акча берсе келет экен. Анда келгиле, биз да уюштуруп коелу.

Кубанычбек Исабековдун кесиптеши Камчыбек Ташиев парламент бейпилдигин козгоого батынган өкмөт өкүлү ойлонбостон эле кызматын таштоосу керек деген пикирди жактайт:

- Ошондуктан анын ар бир айткан сөзүнө баа беришке биз эл алдында милдеттүүбүз. Элдин алдында, Жогорку Кеңештин алдында. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө милдетибизди түдөн-түз аткарууга сиз шарт түзүп бериңиз.

Антип парламенттин маалынан эрте эле күйгүлтүккө түшүшүнүн олуттуу жүйөөсү бар. Жаамы журтка белгилүү, Кыргызстандагы элдик ыңкылаптын чыгышына ириде парламент шайлоонун адилет, калыс өтпөгөнү себеп болгон.

Башында бирин-экин шайлоо чөлкөмүндө орун алган мыйзам бузууларды жаамы калкка жеткирүү милдетин өзүнө алган шайлоочулардын нааразылыгы жүрө-жүрө бүтүндөй өлкөнү өз кучагына тартып кетти. Элдик кыймылдын, «Атажурт» саясий биримдигинин активдүү иш-аракетинин акыбети кайтып, 24-мартта толкуган эл бийликтин ишенген дубалы – Акүйдү алып, ыңкылап мүдөөсүнө жетти.

Андан кийинки чукул саясий окуялардын жүрүшү калкка дайын. Жалпы элдик кыймылдын шарданы менен мурдагы радикал оппозиция бийликке жетип, «кечээки көргөн бүгүн жок» болуп турган чакта бийлик бутактарынын тең үлөштүрүлүшү чоң саясий маани-мазмун алып чыга келди.

Жаңы бийлик талаш-тартыштын аркасы менен депутаттык мандатка жеткен парламент менен иштешүүгө даяр экенин жарыя кылды. Ушундай көз карашын жаңы өкмөт мүчөлөрү да такай билдирип келатышат. Ошондон парламенттин айрым мүчөлөрүнүн Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучуга арткан кинелерин Роза Отунбаева четке какты:

- Бул да, саясий логика ушундай деп ойлойм.

Элдик ыңкылаптын шарданы менен жаңы парламентти таратып, ордуна жаңысын алып келүү демилгеси 24-марттагы ыңкылапчылардын тил учунда турган сөз болчу. Бирок да башында ышкылуу ишке кирген жаңы өкмөт «Арнамыс» партиясынын жолбашчысы Ф.Кулов эркиндикке чыккандан кийин талаш-тартыштуу парламент менен иштешүүгө кайыл экенин жарыя кылган жайы бар.

Андан аз өтпөй Конституциялык сот төрайымы Чолпон Баекованын демилгеси менен Баш мыйзамды кайрадан өзгөртүү демилгеси коомчулуктан колдоо таап ушу тапта парламенттин саны өзөртүү, анын басымдуу бөлүгүн партиялык тизме менен шайланчулар ээлери эмитен эле дайынга чыгууда. Буга чейинки Кыргызстандын саясий турмушунда болуп келгендей, жаңы шайлоо тартиби кийинки беш жылдыкта, тактап айтканда, 2010-жылы ишке ашырылары болжолдонууда.

1993-жылы Кыргызстан Конституциясы толук жаңыланып, өлкө жаңы тарыхый этапка, саясий-социалдык өзгөрүүгө туш келгенде да парламент тарабынан шайланып, кийин атаандашсыз бийлигин жаңылап алган президент, коммунисттик доор тушунда шайланган депутаттар кызматын таштагысы келген эмес. Анын натыйжасы Аскар Акаевдин 15 жылга созулган бийлиги, коомдук турмушта баркы жок ажырым парламенттин аты менен коштолду. Конституциялык кезектеги өзгөрүүлөр непадам, мыйзам чыгаруу бийлигин чарпый кетпесе, анын натыйжасы дагы кыйлага жаңырыктап турушу ыктымал экендигин эмитен эле айтышууда.
XS
SM
MD
LG