Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Швейцариялыктар өлкөсү "Шенген зонасына" кирүүсүн колдоду


Бүгүнкү референдумда Швейцария Евробиримдиктин виза боюнча Шенген келишимине 2007- жылы кошулуусун добуш бергендердин 55пайызы колдоду. Бул окуя швейцариялыктар алардын өлкөсү мүчө болбогон Евробиримдик менен тыгызырак интергацияланууну жактарын ишара кылууда. Чек араларды кесип өтүүдө паспорттор текшерилбеген "Шенген зонасына" Евробиримдиктин 25 өлкөсүнүн 13ү, ага катар уюмга мүчө эмес Норвегия менен Исландия да кирет.

Швейцарияда бүгүн бир жыныстуулардын никесин легалдаштыруу боюнча да референдум өттү. Бул маселени добуш берүүгө катышкандардын 58пайызы жактаган.

XS
SM
MD
LG