Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Ливанда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында сириячыл уюмдар жеңээри күтүлүүдө


Төрт баскычтан өтүүчү шайлоонун экинчи баскычында өлкөнүн шийиттер басымдуулук кылган түштүгү добуш берүүдө. Өлкө парламентинин түштүк чөлкөм үчүн ажыратылган 23 орундун көпчүлүгүн сириячыл "Хезболла" жана "Амал" уюмдарынын талапкерлери жеңип алчыдай. Добуш берүүгө 665 миң шайлоочунун 30 пайыздайы катышат деп болжолдонууда, себеби христиандар менен сунниттер шайлоону бойкоттошту.

Шайлоонун өткөн жекшембиде башкалаа Бейруттагы биринчи айлампасында Ливандын быйыл февралда киши колдуу болгон мурдагы премьер- министри Рафик Хариринин уулу, Саад Харири баштаган оппозициядагы антисириячыл талапкерлер жеңишке жетишкен. Анда добуш берүүгө тизмедеги шайлоочулардын 28 пайызы катышкан эле. Алдыда дагы шайлоонун эки айлампасы болот. Бул – Сирия дээрлик 30 жылдан соң Ливандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийинки алгачкы шайлоо.

XS
SM
MD
LG