Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

АКШнын аскерлери Иракта козголоңчулардын ири бункерин тапты


Америкалык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, өлкөнүн батышындагы Анбар провинциясынын аймагында, жер алдында жайгаштырылган бул комплекс, аба желдеткичтер, уюлдук телефон, жуунуучу жайлар менен камсыздалып, анда ири өлчөмдө курал-жарак камтылган. Туурасы 170, узундугу 275 метр келген бункер козголоңчулардын буга чейин табылган башпаанектөөчү жайларынын эң ириси болуп эсептелет. Бункерди америкалык аскерлер тапкан учурда, ал жерде эч ким болгон эмес.

Мунун аралыгында, Ирак өкмөтүнүн өкүлү мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин иши сотто 12 айып боюнча караларын жарыялады. Өкмөт өкүлүнүн айтымында, Саддамга 500ге чейин айып коюуга болот, бирок мунун баары боюнча соттоо убакытты алмак. Сот балким эки айдан кийин башталышы мүмкүн, бирок азырынча так мөөнөт белгисиз. Ага коюлган айыптардын арасында саясий каршылаштарын күч менен четтеттүү, күрд жана шийит козголоңдорунун катышуучуларын массалык түрдө, анын ичинде ууландыруучу заттарды колдонуу менен өлтүрүү, 1990-жылы Кувейтке кол салуу өңдүү кылмыштар бар. Саддам Хусеин 2003-жылдын декабрь айында америкалык аскерлер тарабынан кармалгандан бери камакта.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG