Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

АЯЛДАРДЫ СЕКС-КУЛЧУЛУККА САТУУ КЕҢИРИ ЖАЙЫЛГАН КӨРҮНҮШКӨ АЙЛАНУУДА


АКШнын Мамлекеттик департаменти адам аткезчилигине каршы күрөштүн абалы жөнүндө жылдык докладын жарыялады. Изилдөөдө 14 өлкө адам аткезчилигине, өзгөчө секс-кулчулукту токтотуу үчүн үч айдын ичинде жетиштүү чара көрбөгөндүктөн, алар санкцияга кабылышы мүмкүн экени эскертилет. Катуу чарага туш болчу өлкөлөрдүн көбү Азия менен Африкадан. Алардын ичинен Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмирлигинде аялдарды сойкулукка мажбурлоо өзгөчө кеңири жайылганы белгиленет.

АКШнын Перс булуңундагы союздаштары: Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмирлигинде өлкөгө аткезчилик жолу менен алынып келинген аялдарды сойкулукка мажбурлоо жана балдарды оор эмгекке күчтөп пайдалануу өзгөчө кеңири жайылган. Аталган ислам өлкөлөрү мындай жосунсуз ишке каршы жоопкерсиздик менен мамиле кылат деп белгиленет Мамлекеттик департамент жаңы жарыялаган жылдык изилдөөдө. Бул өлкөлөргө секс-кулдар менен кара жумушка пайдаланылчу жаш балдар негизинен Ирандан, Ооганстандан жана мурдакы Советтер Союзунан ташылат.

Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс жума күнү жарыяланган доклад адам аткезчилигине каршы күрөштөгү өлкөлөр аралык кызматташууга түрткү берет деген үмүттө:

- Бул жылкы доклад эл аралык коомчулуктун адам аткезчилигине бурат жана дүйнө өлкөлөрүн мындай кылмыштуулукка каршы чечкиндүү аракеттендирет деп ишенебиз. Аткезчи жолдорду жабуу, алардын артынан сая түшүп жоопко тартуу, шордууларды коргоо жана коомго кайра кошуу үчүн бардык мамлекеттер чогуу иштеши абзел.

Мамлекеттик департамент аткезчиликтин абалы боюнча докладды даярдоодо 150 өлкөдөгү жагдайды изилдеп чыккан. Изилдөө орто эсеп менен жылына 600 миңдей адам башка өлкөлөргө мыйзамсыз ташылаарын көрсөттү. Алардын көбү аялдар менен балдар.

Мамдепартаменттин адис-кеңешчиси Жон Миллердин айтышынча, аялдарды секс-кул катары пайдалануу өтө кеңири жайылып бараткан көрүнүш:

-Эгер дүйнөдөгү кулчулукка көз чаптырсак, секс-кулчулук эл аралык кулчулуктун эң зор бөлүгү экенине ишенебиз. Бул негизинен сойкулук менен байланышкан. Шуркуялык кубатталып жатат, анын курмандыктары көбөйүүдө. Ал үчүн секс-кулчулукка каршы күрөшүү зарыл. Биз береги “керектөөчүлөрдүн” талабына, аларды таалим-тарбиялоого жана ага барбоого өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз.

Мамдепартамаент аткезчилик абалы тынчсызданууну жараткан, бирок азырынча санкция колдонуунун зарылдыгы жок өлкөлөрдүн тизмесине Армения, Азербайжан, Орусия, Өзбекстан, Украина жана Словакия кирген.

Докладда айрым өтө кейиштүү мисалдар да бар. Айтсак, Өзбекстандык Лиза деген 17 жаштагы жетим кызды таякеси күчтөп туруп, Дубайга сойкулукка сатып жиберген. Лиза сойкуканада иштегенге жарамсыз болуп калгандан кийин, аны психикалык ооруулар дарыланчу борборго жаткырып салышкан. Азыр Өзбек бийликтери менен укук коргоочу уюмдар Лизаны бошотуунун аракетин кылышууда.

Түркияга сойкулукка сатылып кеткен Светлана деген Минск шаарынын тургуну жаш аял аткезчилердин колунан качам деп, каза болот. Ушу тапта Белорус менен Түркиянын тийиштүү кызматтары Светлананын өлүмүнө жооптуу адамдардын үстүнөн тергөө жүргүзүшүүдө.

Мамдепартаменттин докладына караганда, Кыргызстандан чет өлкөгө аткезчилер чыгарып кеткен аялдардын 80 пайызы Бириккен Араб Эмирлигине сойкулукка сатылат. Акыркы бир жылда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык миссиялары Араб Эмирлигинен 71 аялды жана Түркиядан төрт аялды Ата Журтуна бошотуп келишкен

XS
SM
MD
LG