Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Шайлоочулардын добуш берүү мүмкүнчүлүктөрү тегерек үстөлдө талкууланды


НАРЫН. 6-июнь күнү Нарын шаарындагы “Демократияны колдоо” боюнча маалымат борборунда “Шайлоочулардын тизмесинин шайлоого таасири” аттуу тегерек үстөл жыйын болду. Анда “Эл тирек” деген өкмөттүк эмес уюмдун атынан сөз алган Акмат кызы Назгүл соңку убакта коомдук уюмдардын жана партиялардын мындай жыйындарга жоопкерчиликсиз, салкын мамилелерин сынга алды. Анткени чакырылгандардын дээрлик үчтөн экиси жыйынга катышкан жок. Ал эми компартия мүчөсү Жумабек Осмоналиев шайлоочулардын тизмесин толук кайра тактоо зарылчылыгын белгилеп, бирок Нарындын 30 пайыздан ашык шайлоочулары добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышаарын билдирди. Анткени, жеңил үкөк менен добуш берүү уюшулбагындыктан, жайлоолордо жана кокту-колоттордо жашагандар шайлоого катышпай калышат. Экинчиден көптөгөн адамдардын паспортундагы дареги жашаган жерине дале туура келбейт.

XS
SM
MD
LG