Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Таласта президенттик шайлоого байланыштуу семинар уюштурулду


ТАЛАС. Семинардын жүрүшүндө ага катышкан өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандагы шайлоо укуктарынын негиздери, учаcткалык шайлоо комиссияларын түзүү, анын мүчөлөрүнүн укук-милдеттери туурасында пикир алышты. “Айкөл” борборунун кызматкерлери облустун төрт район, бир шаарында өткөргөн бул семинарларда анын катышуучулары парламенттик шайлоодогу эң ыплас иштерди акимдердин тымызын көрсөтмөсү менен участкалык комиссиялардын жетеленме мүчөлөрү жасашкандыгын айыпташты. Эми президенттик шайлоону өткөрүүчү участкалык шайлоо комиссиялардын курамына принциби жок андай адамдарды сунуштабоону каалашты. Ошентип “Айкөл” борборунун атайын даярдыгынан өтүшкөн жарандык коомдун 53 өкүлү участкалык шайлоо комиссияларынын курамына сунуштала турган болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG