Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Чыныбек Алиевдин өлүмүнө байланышкан ишти тергөө уланууда


6-июнда Бишкек шаарынын биринчи май райондук соту ички иштер министрлигинин кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиевдин өлүмүнө айыпкер катары шектелген алты адамга байланыштуу соттук териштирүүнү улантты. Алардын катарында «Социал-демократтар» саясий партиясынын башчысы Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы да аталып келатат. Чыныбек Алиев өткөн жылы 5-майда атып өлтүрүлгөн. Ал эми өткөн айда маркум Чыныбек Алиевге генерал-майор деген наам ыйгарылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG