Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Конституциялык кеңешме Конституциянын долбоорун талкуулап жатат


БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү Конституциялык кеңешме жумушчу топ иштеп чыгып, сунуштаган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоого киришти. Бул долбоор президенттик-парламенттик башкарууда, президентти беш жылдык мөөнөт менен бир ирет шайлоо өңдүү жоболор киргизилген. Конституциялык отурумга бул күнү өкмөттөн биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов катышты. Конституциялык кеңешменин курамында өкмөттөн, парламенттен, саясий партиялардан жана жарандык коомдон 114 мүчө бар.

XS
SM
MD
LG