Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Өзбекстандан ооп келгендердин макамы бир жылга чейин аныкталып бүтөт


БИШКЕК. Анжиян окуясынын учурунда Кыргызстанга ооп келген өзбекстандык атуулдардын макамын Кыргызстан Эл аралык уюмдардын катышуусунда 3 айдан 1 жылга чейинки мөөнөттө аныктамай болду. Эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери Элиор Гониев менен Роза Отунбаева 4-июнда Ош шаарында өткөргөн жолугушууда ушундай тыянакка келишти. Ага чейин, эгер, өз каалоосу менен мекенине кайткылары келгендерди Кыргызстан тарап кармабайт. Учурда өзбекстандык атуулдар Жалабад облусунун Сузак районунда кармалып турушат. Бул тууралуу дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Таалай Кыдыров билдирди. Ушул эле маалымат жыйынына катышкан БУУнун өнүгүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Ежи Скуратович менен Качкындар боюнча башкы комиссарлыктын өкүлү Карлос Закагнини эл аралык нормаларды сактап жаткандыгы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG