Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

КОЧКОРДО ЭКИНЧИ ТУР БОЛОТ, ТОҢДО МАЛИЕВ ШАЙЛАНДЫ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Жекшембиде Тоң жана Кочкор округдарында парламентке кайра шайлоо болду. Тоңдо Арсланбек Малиевдин жактоочулары көтөрүлгөндө Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону жылдырууга аргасыз болгон. Ал эми Кочкор округунун шайлоочулары бардык талапкерлерге каршы добуш бергендиктен кайра шайлоо белгиленген. Байкоочулардын баамында, бул эки округдун шайлоочулары Кыргызстанда элдик ыңкылаптын алгачкы кадамдарын ташташкан.

Тоңдогу шайлоого өз байкоочуларын койгон «Шоолакөл» бейөкмөт уюму билдиргенге караганда, бул жолу шайлоочулар добуш берүүдө активдүүлүгүн анча көрсөтө алышкан жок. Антонина Ли өлкөдөгү саясий чоң окуялардан кийин элдин саясий өнөктүктөрдөн тажап калышы жана жазгы талаа жумуштары да шайлоочуларды ушундай маанайга алып келди деген ойдо.

Тоң округдук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 62 пайызы добуш берди деп билдирди. Ошентип Тоң округунда жалгыз талапкер Арсланбек Малиев 98,8 пайыз добуш алып, депутаттык мандатка ээ болду.
Эскерте кетели, парламенттик шайлоо алдында Арсланбек Малиев мамлекеттик бийликти кулатуу жөнүндө сөздөрдү айтты деген айып менен сот аркылуу шайлоодон четтетилген. Буга нааразы болгон шайлоочулар көтөрүлүп, жолдорду бууп алышкан. Бул нааразылык чараларынын кесепетинен Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону башка күнгө жылдырууга аргасыз болгон.

Кочкор шайлоо округундагы кайра шайлоодо 6 талапкер ат салышып, Тоңго караганда шайлоо курч өттү десек болот.

Кочкордон укук коргоочу Качкын Асанбеков билдиргенге караганда, алты талапкер мазарга чейин барып, шайлоонун жүрүшүндө ыплас иштерге барбайбыз деп сөз беришкен:

- Алты талапкер мазарга чейин барып, аны жети жолу айланып, дасторкон үстүндө шерттешишкен. Шайлоонуну жүрүшүндө ыплас технология колдонбойбуз, соттошпойбуз, элдин тынчын албайбыз деп келишишкен. Алардын жакындары, туугандары айрым жаман иштерди жасап ийген учурлар болду. Бирок жалпысынан одоно мыйзам бузууларсыз, шайлоо тынч өттү десек болот.

Кочкордо экинчи турга Рахатбек Ирсалиев менен Нурлан Жапаров чыкты. Кочкор округунун шайлоочулары болсо парламенттик шайлоодо бийлик тарабынан Акылбек Жапапровго карата жасалган бут тосууларга нааразы болушуп, шайлоодо бардык талапкерлерге каршы добуш беришкен. Шайлоочулардын 42 пайызы каршы добуш бергендиктен 5- июнга кайра шайлоо белгиленген.

Байкоочулардын баамында, бул эки округдун шайлоочуларынын парламенттик шайлоо убагындагы кадамдары ыңкылаптын башталышы болгон:

- Тоң менен Кочкордун эли Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ушундай каршылыкты көрсөтүштү. Бул округдун шайлоочуларынын кадамдары элдик ыңкылаптын башталышы болгон. Бийликти кайра шайлоо кылууга мажбурлаганын эч ким тана албайт, -дейт “Демокартия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын лидери Эдил Байсалов.

XS
SM
MD
LG