Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН ДАЙЫН-ДАРЕГИ ИЛИКТЕНЕ БАШТАЙТ


Ушул жумадан тарта Өзбекстандын Кыргызстанга качып келген атуулдарынын дарегин иликтөө иши башталат. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, ал бир жылга чейин созулушу мүмкүн.

Ушул тапта Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын 479 атуулу бар. Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы ишембидеги сүйлөшүүдөн кийин алар мурда турган Тешикташтан Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн Шорбулак деген жерине көчүрүлдү. Бир чатырга 8 кишиден жайгаштырылып, ичээр суу, дары-дармек менен камсыздалып, туугандарынын эркин катташына уруксаат берилди.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучунун биринчи орун басары Таалай Кыдыровдун айтымында, ушул жумадан тарта качкындардын дареги иликтене баштайт:

- Ар биринен арыз алынат. Арызында жазган өтүнүчүнө жараша сурамжылоо жүргүзүлөт. Андан кийин ар бир атуулдун качкын макамын алууга кандай негиздери бар экендиги өтө дыкат иликтенет. Иликтөөгө БУУнун Качкындар боюнча Башкы комиссарынын эксперттери да катышат.

Таалай Кыдыровдун айтымында, качып келген атуулдардын ичинен түрмөдөн чыккандыгы белгилүү болгон 12 адамдын дайын –дареги Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын көмөгү менен иликтенет:

-Качкын макамын берүү арызы каралган кезде «Качкындар жөнүндөгү» конвенцияга жана биздин мыйзамдарга ылайык саясатка байланышпаган оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдардын өтүнүчү канааттандырылбайт. Жасаган кылмышы өтүнүчүн канааттандырбоого негиз боло алат. Бирок бул иш абдан кылдат текшерүүнү талап кылат. Ошон үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын тартип коргоо органдары, анын ичинде эң ириде Башкы прокуратурасы абдан тыгыз кызматташат деп сүйлөшүлдү. Бул органдардын кызматташуусуна негиз берчү бир катар макулдашуулар бар.

Эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүгө ылайык, мындан ары Өзбекстандык качкындардын көйгөйүн чечүү боюнча өз ара кеңешүүлөр тынымсыз жүргүзүлө турган болду.

БУУнун Качкындар боюнча Башкы комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү Карлос Заккагнининин айтымында, анын негизги өзөгүн атуулдарды өз мекенине кайтаруу түзөт. Бул аракетти ишке ашырууда Качкындар боюнча Башкы комиссардын Өзбекстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте тыгыз иш алып баруу милдети алдыга коюлуп жатат:

-Мен БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссарынын Бишкектеги, Ташкендеги кеңселери, Өзбекстандын жана Кыргызстандын өкмөттөрү менен бирге качкындардын мекенине өз ыктыяары менен кайтышы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрүбүздү кабарлагым келет.

Өткөн май айынын аягында 377 качкын эки мамлекеттин өкмөтүнө жана ЕККУга 25 барактан турган кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу 6-июнда кабарлаган «Атуулдар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун директору Төлөкан Исмаилованын айтымында, анда өз укуктарын эл аралык келишимдерге ылайык коргоп, Өзбек бийлиги камакка алган ишкерлерди мекенине кайтарбоону өтүнүшкөн. Ушундан улам Кыргызстандагы жарандык коомдүн өкүлдөрү кыргыз өкмөтү качкындардын талабын аткарууга милдеттүү деген пикирде турушат:

- Биз «Жер которгондор» жана «Кыйноолорго каршы»тууралуу конвенцияларды биздин өкмөт аткарууга милдеттүү деген ойдобуз. Бул багытта жаңы өкмөткө жардам берүү менен бирге аны ишке ашырууну талап кылабыз. Анткени, Кыргызстан демократиялык гумандуулукту орнотуу жолун түптөшү зарыл деген ойдобуз.
XS
SM
MD
LG