Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Сириянын президенти партиялаштарын реформага жана коррупцияга каршы күрөшкө чакырды


Башар Ассад бүгүн башкаруучу "Баас" партиясынын курултайында чыгып сүйлөп, партиялаштарын өз иштеринде экономикалык реформалар менен коррупцияга каршы күрөшкө артыкчылык берүүгө чакырды. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, төрт күнкү курултайдын жыйынтыгында Сириянын башкаруучу партиясы экономикалык жана саясий реформалар боюнча айрым сунуштарды киргизээри күтүлүүдө. Курултай Сирияга эл аралык көзөмөл күчөгөн учурда өтүп жатат. Сирияны Ирактагы козголоңчуларга көмөк көргөзгөн деп шектеген АКШ ага каршы санкция киргизген. Эл аралык кысымдын натыйжасында Дамаск 29 жылдан соң быйыл апрель айында коңшу Ливандан аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбур болду. Сириянын башкаруучу партиясынын буга чейинки соңку курултайы, 2000-жылы өлкөнүн ал кездеги президенти Хафиз Асад каза тапкан соң өтүп, анын уулу, азыркы президент Башар Ассад бир добуштан партиянын баш катчылыгына шайланган.

XS
SM
MD
LG