Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын айланасындагы кризис сүйлөшүү жолу менен чечилет


АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд муну бүгүн кайрадан ырастады. Бангкоктогу пресс – конференцияда Рамсфелд Вашингтон Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасын БУУнун Коопсуздук кеңешинин кароосуна берүүнү ушул айдын ичинде чечет деген маалыматтарды төгүндөдү. Мындай кабар кечээ тараган эле.

АКШнын коргоо министри кабарчылардын суроолоруна жооп берип, мындай деди:

-АКШнын президенти Жорж Буш сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл деп эсептейт. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс да ушундай эле пикирде жана муну мен азыр сиздерге кайрадан ырастап жатам. Пайда болгон маалыматтар чындыкка коошпойт жана ишке зыяны тиет.

Дональд Рамсфелд Таиланддагы иш сапары учурунда бул өлкөнүн бийликтери менен Азия чөлкөмүндө коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан маселелерди талкуулады.

XS
SM
MD
LG