Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

КИОТО ПРОТОКОЛУН АТКАРУУГА КАЛИФОРНИЯ ШТАТЫ ӨЗ АЛДЫНЧА КИРИШТИ


Нарын АЙЫП, Прага 5-июнда бүткүл дүйнөдө Жаратылышты коргоо күнү белгиленди жана ал күнү АКШнын Сан-Франциско шаарында америкалык шаарлардын мэрлеринин ири жыйыны болуп өттү. АКШ Киото келишиминен чыгып кеткени белгилүү, бирок жыйында көтөрүлгөн маселелер жана анда кабыл алынган чечимдер - жаратылышты коргоо милдетин Америкада өзүнө жергиликтүү бийлик алууга ынтызар экенин көрсөттү.

Жаратылышты коргоо тармагында Жер шарында азыр эң негизги маселе катары аба ырайы жалпысынан өзгөрүп, жыл өткөн сайын атмосферанын температурасы көтөрүлүп, аба жылып баратканы эсептелинет. Окумуштуулардын айтымында, ага өндүрүш жана өзгөчө машинелерден чыккан газ калдыктары себеп болууда - алар бүткүл Жер шарын өзүнчө бир катмар катары каптагандыктан, атмосфера өзүнчө бир күнөсканага айланып кеткен жана анын Жерге жакын катмары канча жылыса дагы, ал температура өйдөкү катмарларга тарай албагандыктан, бүткүл планетанын абасы улам ысып баратат.

Мындай күнөскана таасирин азайтуу үчүн акыркы жылдарда көптөгөн эл аралык жыйын өткөн жана 1998-жылы Жапониянын Киото шаарында атайын протокол кабыл алынган. Анын шарттарына ылайык, абага чыгарылган газ калдыктарынын көлөмдөрүн ар бир өлкө жыл сайын азайтууга тийиш жана ар башка мамлекетке ар башка квота берилген. Өндүрүшү өтө өнүкпөгөн мамлекеттер абаны да көп булгабайт, ошондуктан алар өз квоталарын абаны көп булгаган өлкөлөргө сатууга укук алган, бирок жалпысынан алганда, протокол аткарылса, атмосферага чыккан газ калдыктары азаймак.

Атмосферага эң көп газ калдыктарын чыгарган өлкө - Америка Кошмо Штаттары жана ал дагы Киото протоколуна кол койгон, бирок дал ушу өлкө кийин ал келишимден чыгып кеткен. АКШ жетекчилигинин айтымында, атмосферанын жылып баратышына адамзаттын өндүрүш аракеттери себеп экенин дагы далилдеш керек.

Вашингтондун мындай саясатына көптөгөн мамлекет каршы чыккан жана аны АКШнын өзүнүн ичинде да жактырбагандар арбын. Ошондуктан 5-июнда Калифорниянын Сан-Франциско шаарында өткөн жыйын өзгөчө мааниге ээ. Ага өлкөнүн 158 шаарынын мэрлери катышты жана алар федералдык өкмөт маселеге качан чечкиндүү мамиле кылат деп күтпөстөн, өз алдынча аракеттенүүнү чечти.

Жыйынга катышкан мэрлердин көпчүлүгү оппозициядагы Демократиялык партияны колдогон саясатчылар жана аны түшүнсө болот. Бирок конференцияга Калифорния штатынын губернатору Арнольд Шварценеггер да катышты, ал болсо Республикалык партиянын мүчөсү экени белгилүү. Ошондуктан кээ бир саясатчылар бул жыйынды - азыркы президент Жорж Буш кызматтан кеткен мезгилде канат жая турган демилге деп да баалашты.

Шварценеггер болсо конференцияда чыгып сүйлөп, Калифорния штаты өзүнө атайын милдеттенме алып, атмосферага чыгарылган уулуу газ калдыктарынын көлөмүн келерки 15 жылдын ичинде 1990-жылдын деңгээлине чейин түшүрөт деп билдирди. Калифорния АКШнын эң ири штаттарынын бири жана анын өндүрүшү менен бирге атмосфераны булгоо мүмкүнчүлүктөрү да көпчүлүк Европа мамлекеттериникинен өйдө.

Сан-Францискодо өткөн жыйын - жаратылышты коргоо ишин жалаң гана өкмөттөргө жүктөп салбастан, маселени чечүүгө жергиликтүү бийликтер өздөрү киришип, өз алдынча милдеттенмелерди алып, абалды жакшыртууга укуктуу жана жөндөмдүү экенин көрсөтөт. Андан тышкары АКШда азыр ири өндүрүш компаниялары дагы ушу сыяктуу демилгелерди көтөрө баштады. Мисал үчүн атактуу "Женерал электрик" компаниясы өзүнүн өндүрүштөрүндө газ калдыктарынын көлөмүн кыскартуу боюнча атайын программа кабыл алып, аны азыр ишке ашырууда. Көптөгөн башка компания менен фирмалар дагы федералдык өкмөткө кайрылып, бардык ишканаларды милдеттендире турган чечим кабыл алууну талап кылууда.
XS
SM
MD
LG