Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

Кээ бир маалыматтарга ылайык, эки айдын ичинде Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин үстүнөн сот процесси башталышы мүмкүн. Экс-диктаторго 12 пункт боюнча айып тагылууда. Алардын арасында түштүк Ирактагы күрттөргө каршы химиялык курал колдонуу, саясий оппоненттеринин көзүн тазалоо, шийилердин көтөрүлүшүн күч менен басуу деген айыптар бар.

Ирак өкмөтүнүн өкүлү Латих Кубба сот процесси мүмкүн болушунча эртерээк башталууга тийиш деп, расмий Багдаддын пикирин билдирди. Анын айтымында, 1988-жылдын 16-мартында күрттөрдүн Халабья шаарында химиялык курал колдонуп, болжолу менен 5 миңге жакын киши каза тапкан, 10 миң адам жабыркаган. Саддамга дагы 11 башка пункт боюнча айып тагылууда.

1979-жылдан 2003-жылдын апрель айына чейин Ирактын башында турган Хусейн азыр жашыруун жерде кармалууда. Саддам бир жарым жыл мурун америкалык аскерлер тарабынан туткундалган.

Кубба экс-президентке 500гө жакын мыйзамсыз иш үчүн айып тагылышы мүмкүн эле, бирок өкмөт аны 12 пункт боюнча жоопко тартууну чечти деди. “500 фактыны териштирүүгө убакыт жок”, деп ачыктады Багдад өкмөтүнүн расмий өкүлү.

Лондондо жайгашкан Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун аналитиги Аммар ал-Шахбандер бул тууралуу мындай пикирде:

- БААС партиясы бийликте турган кезде 500гө жакын ар кандай мыйзамсыз иштерге жол берилген. Бирок Саддам өзү буйрук берген же кабардар болгон фактыларды аныктап, далилдеш керек. Сөз болуп жаткан 12 фактыны далилдөөгө оңой жана андай иштердин эл аралык преценденти бар.

БААСтын көпчүлүк буйруктарына кол коюлчу эмес. Документте чиновниктин кызмат деңгээли гана жазылчу. Ушунча жыл өткөндөн кийин алардын авторлорун аныктоо, албетте, кыйын болот:

- Саддам өзү кол койгон документтердин бири – Революциялык кеңештин 1980-жылдары чыгарган буйругу. Ага ылайык, шийилердин оппозициядагы Дава партиясынын мүчөлөрүнүн бардыгы иш жүзүндө өлүмгө өкүм кылынган.

Эски режимдин тушунда болгон кылмыштардын далилдери улам ачыкка чыгып жатат. Бир нече жума илгери Ирактын түштүгүндө 18ге чукул массалык кабыр табылган.

Өлкөнүн адам укуктары боюнча министри Бахтияр Амин 1 жарым миңден ашуун сөөк 80-жылдардагы көтөрүлүштө жок кылынган күрттөргө таандык болушу ыктымал деп билдирген:

- Табылган сөөктөрдүн арасында 5өө эле эркектердики, калгандары аялдар менен балдар. Алар Күрдистандык күрттөр. Биз алар 1988-жылкы ал-Анфал окуяларнын курмандыктары деп ойлойбуз.

Экс-диктатордун коргоочулары болсо мартта өткөн пресс-конференцияда соттун полномочиелеринен күмөн санаарын айтышкан эле:

- Сот мыйзамдуу эмес жана биз ага ишеним көрсөтпөйбүз. Судьялар Ирактын америкалык администратору Пол Бремер тарабынан дайындалган. Бул – эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелет, - деген адвокаттын маалымат өкүлү Зияд Хасавнех.

Саддамдын күнөөсү далилденсе, экс-президент өлүм жазасына тартылышы ыктымал. Режимдин зөөкүрдүгүнөн жапа чеккен ирактыктар диктатордун соттолушун кубатташат.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG