Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

КЫРГЫЗСТАН МАҢЗАТТАРДАН АРЫЛАБЫ?


7-июнда Бишкекте “Кыргызстан: келечекке баңгизатсыз” деп аталган форум өтүп, ага өлкө президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев катышты. Анда маңзаттарды мыйзамсыз айлантуу өлкөдө эң кирешелүү бизнеске айланып баратканы, Кыргызстандагы баңги зат ташылуучу жолдорду көзөмөлдөөдө комплекстүү иштерди жүргүзүү зарылдыгы тууралуу сөз болду.

Ушул тапта дүйнө өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да баңгизат маселеси курч бойдон кала берүүдө. Баңгизат менен соода кылгандар элдин тагдырына, алардын саламаттыгына кам санабайт, алар бир гана нерсеге–баңгизатты көбүрөөк сатып, кирешенин көбүрөөк түшүүсүнө кызыкдар.

Эксперттердин маалыматына таянсак, акыркы учурда баңгизаттарга байланыштуу кылмыш 10 пайызга өскөндүгү байкалат. Ошондой эле алар Кыргызстан учурда наркокылмыштын негизги бутагына айланганын айтышууда. Азыркы реалдуу абал ушул пикирлердин анык экенин тастыктап турат.

Орусиянын айрым басма сөз каражаттарында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалган баңгизаттардын изи Кыргызстанда уланып, Орусиядан ары Европага өтүп жатат деп айтылып келет.

Форумга катышкан өлкө президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев баңгизат бизнесинин тамыры барган сайын терең жайылып бараткандыгы опурталдуу жагдайды жаратаарын белгиледи:

- Кыргызстанда баңгизат маселеси чынында эле көйгөйлүү болуп турат. Мунун себептеринин бири- Кыргызстандын географиялык жайгашуусу. Наркотрафик Кыргызстан, Тажикстан аркылуу кетип жатпайбы. Кыргызстан аркылуу өтүүсү оңой болуп атат. Ошондой эле өлкөдө 10 миңдеген гектар жерлерде апийим өстүрүлүп келет. Алардан көптөгөн маңзаттар даярдалынат да. Мындан тышкары айрым облустарда жумушсуздуктан, элдин жакырчылыгынын кесепетинен баңги заттар менен соода кылуу, өсүмдүк сырьесунан маңзаттарды даярдоо кээ бир адамдардын күнүмдүк оокаты болуп калды. Ушул себептердин баары Кыргызстанда баңги бизнесинин өрчүшүнө алып келди. Азыр Кыргызстан баңги заттардын транзит өлкөсү эмес, баңгизаттарды колдонуп жаткан өлкө болуп калды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык Кыргызстанда баңгилердин саны 15 жылдын аралыгында 5 эсеге көбөйгөн. Учурда алардын саны 100 миңден ашуун.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Миталип Мамытов баңгизаттарды колдонуп жүргөн өспүрүмдөрдүн саны уламдан улам көбөйүп бара жаткандыгын баса белгиледи:

- Азыркы тапта наркодиспансерлерде каттоодо тургандардын саны 6850 адам, бул 1991-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 эсеге көп. Негизинен маң заттарды ийне жолу менен колдонушат, ошону менен бирге баңгилердин 70ке жакын пайызы –жаштар. Бүгүнкү күндө 10-11жаштагы өспүрүмдөр да наркодиспансердин каттоосунда турат. Мурунку жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч быйыл 4,5 эсеге көп.

Ал эми Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов баңгизаттарга каршы күрөшүүдө алгач ирээт өлкөдөгү коррупция менен күрөшүү керек деген оюн айтты:

- Өлкөдө коррупция фактылары бар. Форумда Курманбек Салиевич да айтып кетти, чек арадан баңги заттардын 2-3 пайызы гана кармалып жатат, ал эми калгандары Кыргызстанга кирип жатат. Менин оюмча чет өлкөлүк уюмдар өлкөдө баңги заттарга каршы күрөшүү үчүн өз колдоосун көрсөтүшү керек. Анткени Европа өлкөлөрүнө баңги заттар негизинен транзит өлкөлөрү аркылуу кирет. Ал эми Кыргызстан –транзит өлкө экени баарына маалым. Ошондуктан чет жакатгылар да баңги заттар менен күрөшүүдө кызыкдар болушу керек.

XS
SM
MD
LG