Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

БОЛИВИЯ ПРЕЗИДЕНТИ КЫЗМАТЫНАН ЧЕГИНДИ


Замира Кожобаева, Прага Бир нече жумадан бери уланып жаткан нааразылык акциясын токтотуу максатында Боливиянын президенти Карлос Меса 6-июнь күнү өз каалоосу менен кызматын өткөрүп берди. Үч жума бою демонстранттар өлкөнүн газ тармагын мамлекетке өткөрүп берүүнү, Констиуцияны реформалоону жана индеецтердин автономиялык укугун көбөйтүүнү талап кылып жатышкан. Акыркы үч жума 19 ай мурун эле бийлик башына келген Карлос Месанын башкаруу мезгилиндеги саясий кризис болду.

Үч жумадан бери уланып жаткан нааразылык акциясынын акыркы күнү Боливиянын борбору Лопаста көп кишилер катышкан көчө жүрүштөрү болуп, кыймыл токтоп калды. Полиция жаалданган демонстранттардын өкмөттүк имараттарга жулунуусун токтотуу максатында көздөн жаш агызуучу газды колдонууга аргасыз болду.

Ошол күнү кечинде мамлекет башчылыгынан кетүү тууралуу арыз берген президент Карлос Меса өз кадамын мындайча түшүндүрдү:

- Менин отставкам чын жүрөктөн болгонун Боливия коомчулугу билиши керек. Мен эс нерсе кылалбадым. Бирок бизди бул абалдан алып чыгуучу, өлкөнү жана келечекти мүшкүлдөн алып калуучу жолдор табылууга тийиш.

Ал мындай кадамы мененТүштүк Америкадагы эң жарды өлкө болгон Боливиядагы саясий кризисти токтотууну көздөгөндүгүн билдирди.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын көпчүлүгү-жергиликтүү индеецтер. Алар өлкөнүн газ тармагын улутташтыруу талабы менен бирге эле индеецтерге автономиялык укукту да көбөйтүүнү талап кылышты, анткени алар Боливиянын калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт. Ошондой эле Боливия газ тармагы боюнча Латын Америкасында 2-орунда турат.

Жакында эле парламент өлкөдө иштеген чет элдик компаниялардын кирешесинен түшкөн салыкты көтөргөн. Алар көбүнчө энергетика тармагы менен иштешет. Бирок нааразылык билдиргендер муну жетишсиз деп жатышат.

Президенттин кызматтан кетүүсүн нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири, таасирдүү саясий лидер Ево Моралец да колдоду:

- Менин оюмча бул отставка—улуттук конгресске кризисти демократиялык жана конституциялык жолдор менен чечүүгө жардам болот.

Католик чиркөөсүнүн жетекчилери өткөн жуманын аягында Конгресстин жана парламенттин мүчөлөрү менен кризистен чыгуунун жолдору тууралуу сүйлөшүүгө кылган аракетинен натыйжа чыккан эмес.

Карлос Меса көз карандысыз саясатчы катары 2003-жылдын аягында өзүнөн мурунку президент Гонсало Санчес де Лозаде ушундай эле жагдай менен кызматтан кеткенде анын ордуна келген болчу. Бирок Месанын бийлигин өлкөнүн энергетикалык байлыгын бөлүштүрүүнү жана конституциялык реформа жүргүзүүнү талап кылган адамдардын нааразылыгы бошоңдотуп жиберди. Буга чейин ал үстүбүздөгү жылдын март айында бийликтен кетүүгө аракет кылып, бирок парламент анын арызын канааттандыруудан баш тарткан болчу.

Эгер бул жолу парламент ага уруксат берсе, анда Боливиянын Конституциясы боюнча, анын ордун конгресстин төрагасы Ормандо Вака Диес ээлейт.

Карлос Месанын президенттик мөөнөтү 2007-жылы аяктамак.

XS
SM
MD
LG