Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү!


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон маалымдашкандай июнь айынын сегизинен он үчүнө чейин кардын эришине жана тынымсыз жааган жаанга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектерине жакын аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суулардын агымы көбөйүп, ташкындоосу күтүлүүдө.

8-июнда Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +23...+28 градус жылуу.
Жалалабат, Ош, Баткен, Чүй аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +25...+30 градус.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23 градус жылуу.
Нарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24.
Бишкек шаарында кыска мөөнөттө жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +27...+29 градус.


Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG